Иран: Ормуз кысыгындагы кырдаал
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон Ормуз кысыгындагы мунай танкерлерин коштоо миссиясы боюнча жети өлкө менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын билдирди. Кара майдын маанилүү артериясы болгон маршрут Перс булуңунда согуш башталгандан бери бөгөттөлүп калды. Муну менен мунайдын дүйнөлүк рыноктогу баасы көтөрүлдү жана энергетикалык кризис жаралды. Айрым өлкөлөр кара майдын стратегиялык запастарын колдонууга аргасыз болууда.