Ормуз кысыгы: Өлкөлөр мунайдын стратегиялык резервин колдонууга аргасыз

Ормуз кысыгындагы кеме, 16-март, 2026-жыл

АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон Ормуз кысыгындагы мунай танкерлерин коштоо миссиясы боюнча жети өлкө менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын билдирди.  Кара майдын маанилүү артериясы cаналган маршрут Перс булуңунда согуш башталгандан бери бөгөттөлүп калды.

Муну менен мунайдын дүйнөлүк рыноктогу баасы көтөрүлдү жана энергетикалык кризис жаралды. Айрым өлкөлөр кара майдын стратегиялык запастарын колдонууга аргасыз болууда.

Тайланддын бийлиги дизелдин баасын көтөрүүгө киргизген мораторийди алары белгилүү болгору менен борбор шаар Бангкоктогу май куючу станцияларда узун кезек пайда болду. Жергиликтүүлөр айдоочулар туш-туштан келип куйдуруп кетип жатышкандыктан бир топ жайларда бензин түгөнгөнүн айтышат.

Өкмөт Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам бааларды көтөрүүгө 15 күндук тыюу салган.

Өз кезегинде Жапония дүйшөмбүдө резервдеги мунайды колдоно баштады. Улуттук NHK телекомпаниясы кабарлагандай, согуштун айынан Ормуз кысыгы бөгөттөлгөнү өлкөнү кара май менен камсыздоо үзгүлтүккө учурады, анын аркасы менен бензиндин баасы кескин өсүп кетти. Кризистин кесепетин азайтуу үчүн Токио бийлиги 80 миллион баррел мунайды же 45 күндүк запасты иштетүүнү чечти.

Бийлик мунай иштеткен жергиликтүү компаниялардан ошол чийки затты колдонууну өтүндү.

АКШнын өкмөтү да мунайдын стратегиялык резервдерин сатыкка чыгарууда. Ошол кара майдын алгачкы партиясы апта соңунда рынокко алынып чыкмакчы.

Энергетика министрлиги жума күнү 86 миллион баррел мунайды сатууга тендер жарыялады. Мекеме мындай кадам мунай рыногун стабилдештирүүгө өбөлгө түзөрүн билдирди.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Иран: Ормуз кысыгындагы кырдаал

28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы сокку ура баштагандан бери дүйнөлүк экономика олку-солку абалга батты.

Дүйнөлүк кара майдын 20% өткөн маанилүү жол - Ормуз кысыгы дээрлик толугу менен жабылгандан кийин танкерлер каналдан өтө албай, Перс булуңундагы өлкөлөр мунай өндүрүүнү азайтып, баалар кескин көтөрүлүп кетти.

Жекшембиде мунайдын эл аралык биржалардагы баасы кайрадан кымбаттап, 100 доллардан ашты.

Өткөн аптада АКШнын президенти Дональд Трамп Иран кысыкты миналоого аракеттенсе болуп көрбөгөндөй чабуулга кабыларын эскерткен. Америкалык аскерлер кара май ташылган каналга мина коюп жаткан ирандык катерлер жок кылынганын билдирген.

Ислам жумуриятынын жаңы лидери Можтаба Хаменеи өзүнүн алгачкы кйрылуусунда Ормуз кысыгын бөгөттөө уланарын эскерткен.

15-мартта Трамп өнөктөштөр кысыкты ачтыруу үчүн көбүрөк аракет көрбөсө, анын арты НАТОнун келечеги үчүн өтө өкүнүчтүү болот деп билдирди.

Financial Times гезити менен интервьюда ал АКШ альянска “миңдеген чакырым алыс жердеги Украина маселесинде жардам бергенин, эми алардан колдоо күтөөрүн” белгиледи.

Мунун алдында АКШнын президенти импортер- өлкөлөр, анын ичинде кысык аркылуу мунайынын 90% алган Кытай Ормуздагы коопсуздукту камсыздоо ишине көмөктөшүүгө тийиш деп айткан:

“Бул өлкөлөрдөн кийлигишип, өз аймактарын коргоону талап кылам. Себеби алар дал ошол жактан энергияны алышат. Бизге жардам бериши керек. Бизде мунай ансыз да көп, ал жакка барбай деле койсок болот эле. Биз дүйнөдөгү эң чоң өндүрүүчүбүз. Бир муну өнөктөштөрүбүз үчүн жасап келатабыз”.

Трамп администрациясы кайсы жети өлкөгө кайрылганын айтпаганы менен алар мунай танкерлерин кошотоо үчүн Перс булуңуна аскердик кемелерин жөнөтүшөт деп күтөрүн кошумчалады.

Социалдык тармактардагы постунда Трамп бул миссия тууралу жазганда, Кытай, Франция, Жапония, Түштүк Корея, Британия жана башкалар тууралуу сөз кылды.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Линь Цзянь Бээжин Ормуздагы соода кемелердин каттамын жандандыруу үчүн бардык тараптар менен байланышып турганын билдирди:

“Ормуз кысыгындагы жана айланасындагы суулардагы кырдаал чыңалган бойдон калууда. Товар жана газ менен мунай ташылган эл аралык соода маршруттары жабылып калды... Кытай тараптарды куралдуу жаңжалды токтотууга, эскалациянын тереңдешин, регионалдык бейстабилдүлүктүн алдын алууга, экономикага залакасын тийгизген аракеттерге чекит коюуга дагы бир жолу чакырат”.

Ал эми Германиянын тышкы иштер министри Йохан Вадефул НАТОнун Ормуз кысыгынын блокадасына каршы миссияда кандайдыр бир роль ойношу керек деген ойго кошулбайт деген комментарий менен бөлүштү.

Ушундай глобалдык кризистин фонунда эксперттер Борбор Азиядагы ири мунай-газдын өндүрүүчүлөрү болгон Казакстан менен Түркмөнстан үчүн ыңгайлуу шарт түзүлүп жатканын, алар альтернативалуу экспортер болуп калышы мүмкүн экенин белгилешет. Бирок талдоочулардын айтымында, керектүү инфраструктуранын жоктугу жана буга чейин түзүлгөн келишимдер азыркы кырдаалда киреше табууга бүт тосуп жатат.