Шыкмаматов Ташиевге байланыштуу айтылган "жемкорлук схемасы" буга чейин текшерилбеген себебин айтты

Салык кызматынын коллажы.

Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин жана анын жакындарынын катышы бар коррупциялык иштер делген маалымат боюнча 17-мартта "Азаттыкка" түшүндүрмө берди.

Ал Мамлекеттик салык кызматы эмне үчүн айтылып жаткан коррупциялык схемаларды Камчыбек Ташиев кызматта турган учурда текшерип, аныктаган эмес деген суроого төмөнкүчө жооп берди:

"Ачыгын айтыш керек, “Кыргызнефтегаз” толугу менен УКМКнын көзөмөлүндө болгон. Силер жакшы билесиңер, биздин салыкчылардын айрымдары да УКМКнын тузагына илинип, камакта отурат ушул убакка чейин. “Кыргызнефтегазды" текшерүү мүмкүн эмес болчу. Азыр салыкчыларга мүмкүнчүлүк түзүлдү, барып текшерип, иликтеп чыгардык. Эми эки жол турат: же ачыкка чыгыш керек же жаап-жашырып коюш керек болчу. Биз ачыкка чыгардык", - деди Шыкмаматов.

Салык кызматы 16-мартта “Кыргызнефтегаз” ишканасынын мунай өндүрүп сатуу процессинде мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келген аракеттер аныкталганын маалымдаган. Анда өлкөдөгү мунай өндүрүү жана сатуудагы коррупциялык схемаларга УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган туугандары, үй-бүлөсүнүн катыштыгы бар экендиги “Өз кишилер үчүн нефть: «Кыргызнефтегазды” кандайча талкалашкан?” аттуу иликтөөдө белгилүү болгону айтылган.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин ал парламенттен сыртка чыкканын айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Акыркы саясий окуялардын фонунда Нурланбек Тургунбек уулу, Кундузбек Сулайманов, Элдар Сулайманов, Куванычбек Конгантиев, Шаирбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нурланбек Азыгалиев жана Гүлсүнкан Жунушалиева өздөрү жазган арыз менен депутаттык мандатынан ажыратылды.

Камчыбек Ташиев өзүнүн кызматтан алынышын Германияда жүргөндө укканын жана күтүүсүз болгонун айткан. Кийин Кыргызстанга келип, кайра чет жакка чыгып кеткен. Ал акыркы саясий окуялар боюнча пикирин билдире элек. Салык кызматы жарыялаган соңку маалымат тууралуу да эч кандай комментраий бериле элек. (ZKo)

Дагы караңыз

"Медиа аракет платформасы" Кыргызстан бийлигин ЖМК жана коомчулук менен диалогду жандантууга үндөдү"Өкмөт, интеллигенция чындыктын тилине өтмөйүн эчтеме өзгөрбөйт"Жакынкы Чыгыш: Кыргызстан конструктивдүү диалогду кайра баштоого чакырдыӨзбекстандан ташылып келаткан 83 миңдей көчөт артка кайтарылдыКургак учук аныкталган аскердик бөлүктө эпидемиологиялык иликтөө жүрүүдө