Кыргызстанга Өзбекстандан ташылып келаткан 82 миң 830 даана көчөт артка кайтарылганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 17-мартта билдирди. Маалыматка караганда, фитосанитардык текшерүү учурунда продукциянын таңгагында маркировка жок экендиги аныкталган.
Министрлик Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин чечимине ылайык, карантинге алынган продукциянын ар бир таңгагында аталышы, чыгарылган, экспорттоочу жана реэкспортер өлкө жөнүндө маалымат камтылган маркировкасы болушу керектигин белгиледи.
Мекеме көчөттүн кайсы түрү артка кайтарылганын тактаган жок, маалымат менен кошо сүрөт жарыялады.
"Карантин алдындагы жүктү маркировкасыз алып кирүү Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарын бузуу болуп саналат, ошого байланыштуу бул жүк импортер өлкөгө кайра кайтарылды", - деп айтылат маалыматта.
Өлкөдө сапаттуу көчөттөр жетишсиз болгондуктан дыйкандар көбүнчө импорттон көз каранды болуп келген. Буга чейин Cуу ресурстары, айыл чарба министрлиги акыркы жылдары чек арадагы көзөмөл күчөтүлүп, сапаты төмөн көчөттөрдүн агымы азайганын жана кыргыз питомниктери өнүгүп жатканын белгилеген. (КЕ)
Шерине