Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Финляндия орусиялык активистке башпаанек берүүдөн баш тартты

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Финляндия Орусиянын Украинага каршы согушун айыптаган активистке башпаанек берүүдөн баш тартты. Эми ал мекенине депортацияланышы мүмкүн.

32 жаштагы орусиялык Роман Голиков былтыр апрелде Финляндиянын Миграциялык кызматынын башпаанек берүүдөн баш тартуусуна каршы апелляциясын Хельсинки административдик соту четке какканын "Медиазонага" билдирген. Басылма сот чечими менен таанышып чыккан.

Эми ал Орусияга депортация болушу мүмкүн, орусиялык паспортунун мөөнөтү бүткөн, жаңысын башпаанек издөөчү макамынан улам жасата алган эмес. Эгерде анын акыркы да арызы четке кагылса, Голиковдун айтымында, "паспорттун ордуна кандайдыр бир кагаз менен [чек арага] жөнөтүлөт", бул ФСБда суроо жаратышы мүмкүн.

"Медиазона" жазгандай, Голиков Москвада шайлоолордо байкоочу болуп турган, 2019-2022-жылдардагы оппозициялык митингдердин катышуучусу болгон, ошондой эле 2021-2022-жылдары Коррупцияга каршы фондду каржылоого көмөктөшкөн. Финляндияга ал мобилизацияга чейин турист катары кирген, 2022-жылы 21-сентябрда мобилизация жарыялангандан кийин ал жакта калууну жана башпаанек суроону чечкен. Качкын макамында турганда да ал Украинаны колдогон митингдерге катышып турган.

Финляндия соту Голиковдун башпаанек сурап кайрылуусундагы фактыларды тааныды, бирок аларды жетишсиз деп тапты. Судья аны "бийлик үчүн өзгөчө кызыкчылык жаратпайт", анын укугу олуттуу бузулган эмес деп тапты.

10-февралда Европарламент башпаанек сурагандарды депортациялоону "коопсуз үчүнчү өлкө" түшүнүгүн киргизүү менен жөнөкөйлөткөн. Эми Евробиримдиктеги ар бир өлкө "коопсуз үчүнчү өлкөлөрдү" аныктап, алар менен келишим түзүп, ошондой эле башпаанек сурагандарды ал жакка эч качан барбаса дагы депортациялай алат.

Башпаанек берилбей, АКШдан жана Евробиримдик өлкөлөрүнөн депортацияланган кеминде төрт орусиялык мекенинде камакка алынганын "Верстка" жазды. Алардын арасында 31 жаштагы Павел Кузьмичев бар. Былтыр сентябрда аны финляндиялык полиция Эстонияга чейин кемеге отургузуп, Нарвадагы чек арага жеткиришкен жана орусиялык чек арачыларга өткөрүп беришкен.


Шерине

XS
SM
MD
LG