Бозпиекте жана Бишкекте Аксы окуясынын курмандыктары эскерилди

Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү. (архив)

Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү 17-март күнү Аксы районунун Бозпиек айылындагы “Шейит мазарда” өттү.

Иш-чарага коогалаңдан жабыркагандар, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Эскерүү иш-чарасында Аксы окуясында жаракат алгандар облус бийлик башчысы Тилек Текебаев аркылуу президентке кайрылуу жолдошту. Жабыркагандардын бири Максатбек Момуналиевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, алар акысыз дарыланууга жана жылына бир ирет санаторийде саламаттыгын бекер чыңдоо үчүн каражат бөлүүнү суранышты.

Кайрылууга жалпы 33 жабырлануучу кол койгон.

Кыргызстандын жеринин бүтүндүгү үчүн тынч митингге чыгып, окко учкан алты адамды жана ачкачылыктан көз жумган Шералы Назаркуловду эскерүү бүгүн 17-мартта Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы Аксы жана Апрель окуяларынын курмандыктарына арналып тургузулган эстеликтин алдында да өттү.

Оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаров баштаган бир катар саясатчылар, активисттер эстеликке гүлчамбар коюп, куран окушту.

2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абал облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында укук коргоо органдары тынч митингге чыккан куралсыз элге ок атып, алты киши каза тапкан. Нааразылык акцияларына Үзөңгү-Кууш тилкесинин Кытайга берилиши жана ага каршы чыккан ошол кездеги Жогорку Кеңеш депутаты Азимбек Бекназаровдун камакка алынышы себеп болгон.(ZKo)

Дагы караңыз

Акыйкатчы институту №27 абакта бир катар мыйзам бузуу аныкталганын маалымдадыУКМК террордук топко мүчө кыргызстандык жаран Стамбулдан кармалганын кабарладыШыкмаматов Ташиевге байланыштуу айтылган "жемкорлук схемасы" буга чейин текшерилбеген себебин айттыТалибдер Пакистандын Кабулга урган соккусунан 400 киши өлгөнүн билдирдиОрунтаев Оштогу курулуш объектилеринин документи жок экенин Токторбаев кеткенден кийин билгенин айтты