Түркия: 14 жашында алданып барып, 14 жыл паспортсуз жүргөн Салтанат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Салтанат 14 жашында Түркияга алданып келип, сексуалдык кулчулукка сатылып кеткен. Кийин качып чыгып, Түркиядагы кризистик борбордо бойго жеткенче жашаган. Азыр ал Түркиянын чыгышында Иран менен чектеш жерде күрд улутундагы күйөөсү, үч баласы менен жашайт. Бирок Салтанат 14 жылдан бери кыргыз паспортун ала албай, анын айынан мекенине бара албай жүрөт.