Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) жарандардан чет өлкөгө ишке орноштурууга убада берип, ири суммада акчасын алып, алдап жүргөн адам кармалганын билдирди.
РИИБдин басма сөз кызматы кабарлагандай, кармалган адам мындай шылуундуктун 20 учуруна катышы бар деп шектелүүдө.
Маалыматка ылайык, тергөө кызматы шектүү 2025-жылы жабырлануучу менен Бишкектин Киев-Куликов көчөлөрүнүн кесилишинде жолугуп, Англияга жумушка орноштурууга убада берген. Документтерди жана виза даярдоо үчүн деген себеп менен жабырлануучудан 60 миң сом акча алып, ошондон кийин байланышка чыкпай койгон.
Ленин РИИБдин кылмыш издөө кызматкерлери тарабынан 24 жаштагы шектүү кармалып, милициянын убактылуу камоочу жайына киргизилди.
Учурда милиция анын башка шылуундук иштерге тиешеси бары-жогун аныктоонун үстүндө иштеп жатат. Анын шылуундук аракеттеринен жабыркаган бардык жарандарды укук коргоо органдарына кайрылууга чакырды.(ZKo)