АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын терроризмге каршы күрөшүү маселелери боюнча башкы аткаминери, Улуттук контрчалгын борборунун башчысы Жозеф Кент Иранга каршы уланып жаткан америка-израилдик согуштан улам кызматынан кетерин жарыялады.
Ак үй башчысынын атына жазылып, 17-мартта X социалдык тармагына жарыяланган катында Кент АКШ Израилдин расмий өкүлдөрүнүн жана "америкалык маалымат каражаттарынын таасирдүү өкүлдөрүнүн" "реалдуу коркунуч бар экенине" ишендиргенине алданып калганын жазды.
Кент Трамп президенттик шайлоо өнөктүгүндө айткан тышкы саясатты жана баалуулуктарды колдогону менен Иран менен азыркы кырдаалды эске алганда ишин уланта албасын билдирген. "Мен таза абийирим менен Иранга каршы уланып жаткан согушту колдой албай. Иран биздин өлкө үчүн реалдуу коркунуч жаратпайт, биз бул согушту Израилдин басымы жана анын таасирдүү америкалык лоббисинин астында баштаганыбыз айдан ачык", - деп жазды ал.
Кент президент Дональд Трамп багытты өзгөртүп, Кошмо Штаттар үчүн "жаңы багыт тандайт" деп үмүттөнөрүн кошумчалады.
Жозеф Кент - "Жашыл берет" деп аталган тандамал аскер бөлүгүндө 20 жыл кызмат өтөгөн согуш ардагери. Анын аялы - Аскер деңиз флотунун криптографы 2019-жылы Сирияда каза болгон. Трамп көрсөтүп, Сенат бекиткен Кент Иранга каршы согушка байланыштуу кызматтан кеткен эң жогорку даражалуу администрация кызматкери.
Израил жана АКШ 28-февралдан бери Иранга сокку уруп келет. Дональд Трамп бул согуштун максаттары Ирандын аскердик потенциалын жок кылуу жана Тегерандын өзөктүк куралды иштеп чыгышына жол бербөө экенин айткан.
Шерине