Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:42

УКМК төрагасы Шабданбеков соңку бир айда канча кызматкер иштен алынганын айтты

Жумгалбек Шабданбеков.
Жумгалбек Шабданбеков.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Жумгалбек Шабданбеков 11-февралдан бери УКМК ички иликтөө жүргүзүп, анын жайынтыгында жети адам атайын кызмат системасынан кетирилгенин билдирди. Бул тууралуу ал "Акипресс" маалымат агенттигине курган маегинде айтты. Мындан сырткары 83 киши кызматынан бошотулуп, 13 кызматкер тартип жазасына тартылды. Алты киши атайын кызматка талапкерлердин тизмесинен чыгарылды.

Шабданбеков бул багытта иштер уланып жатканын кошумчалаган.

Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ошондон кийин УКМКнын бир катар кызматкерлери кармалып, кызматтан алынды. Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, Элдар Жакыпбековдун жакын адамы деп айтылып жаткан УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков камакка алынган.

Ушул окуялардан кийин учурунда УКМКнын кызматкерлеринен кордук көргөнүн айткандар, бийликке кайрылуу жолдогондор болууда.

Жергиликтүү басылмалар УКМКнын мурдагы кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери боюнча ишкерлерден, мамлекеттик кызматта иштегендерден 500дөй арыз түшкөнүн жазып чыкты. Башкы прокуратура арыздар бар экенин ырастап, бирок санын тактаган эмес.

Кармалгандардын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.

Президент Садыр Жапаров 23-февралда укук коргоо органдарынын жетекчилерине аскердик жана атайын наамдарды ыйгаруу боюнча жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, ички иштер министри Улан Ниязбековго “милициянын генерал-полковниги” наамы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Жумгалбек Шабданбеков “генерал-лейтенант”, анын орун басарлары Акылбек Намазовго, Уран Шадыбековго, Алишер Эрбаевге “генерал-майор” наамы берилген. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG