Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:44

Тасмасы эл аралык сыйлык алган режиссерлорду колдоо сунушу айтылды

Актан Арым Кубаттын "Кара, кызыл, сары" тасмасы тартылган учур.
Актан Арым Кубаттын "Кара, кызыл, сары" тасмасы тартылган учур.

Жогорку Кеңештин депутаты Токтобүбү Ашымбаева тасмалары эл аралык фестивалдарда баш байге, сыйлык алган режиссерлорго колдоо жок экенин бүгүн, Жогорку Кеңештин 18-марттагы жыйынында айтып чыкты.

Эл өкүлү өлкөнүн атын таанытып, спорттон ийгилик жараткандарга мамлекет жакшы көңүл буруп жатканын белгиледи.

"Быйыл кыргыз киносунун 85 жылдыгы белгиленет. Ушул убакытта болгону 5 кино А класстагы фестивалда баш байге утуп алган. Алар 1965-жылы Болот Шамшиевдин "Манасчы" тасмасы, 2016-жылы Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу тарткан "Атанын керээзи", 2018-жылы Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" фильми, 2025-жылы Актан Арым Кубаттын "Кара. Кызыл. Сары" тасмасы жана ушул эле жылы Илгиз Шернияз Турсунбек уулунун "Жайлоого карай узак жол" деген тасмалары. Мурда жогорку сыйлык алган киночуларга мамлекет жакшы көңүл буруп, финансылык жактан колдоо көрсөтүлүп келген. Азыр эл аралык деңгээлдеги сынактарда жеңишке жеткендерге, жаш киночуларга колдоо көрсөтүлбөй жатат. Азыр спортчуларга жакшы колдоо көрсөтүлүп, батир, акчалай сыйлыктар, унаа белек берилип жатат. Бул жаш режиссерлорго дагы жакшы дем болот эле", - деди эл өкүлү.

Кинематография күнү 1994-жылдан бери расмий белгиленип келет. 1941-жылы 17-ноябрда Фрунзеде кинохроникалык студия ачуу тууралуу токтом кабыл алынган. Ошондон бери бул дата кыргыз киносунун жаралган күнү болуп эсептелет. Биринчи кыргыз тасмасы - “Салтанат” 1955-жылы тартылган.

Кыргыз киносунун тарыхында 1960-1970-жылдарда тартылган көркөм тасмалар “Кыргыз керемети” деп аталат. Сынчылар, көрүүчүлөр мындай аталышты Төлөмүш Океев, Мелис Убукеев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров баштаган көрүнүктүү кинорежиссерлордун ысымы менен байланыштырат. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG