Жогорку Кеңештин 18-марттагы жыйынында мандат алган төрт жаңы депутат - Улукбек Ормонов, Мавлюда Калбердиева, Бактыбек Чойбеков жана Алтынкүл Мурзакимова ант берип, ишин баштады. Борбордук шайлоо комиссиясы аты аталган депутаттарга ушул эле күнү мандат тапшырган.
Парламент төрагасы Марлен Маматалиев кызматка киришип жаткан депутаттарды куттукутап, бөлүнүүгө, мурдагы-кийинки партиялаш деген түшүнүктөргө жол берилбей турганын белгиледи.
Улукбек Ормонов №10 шайлоо округунан Курманкул Зулушевдин ордуна, Мавлюда Калбердиева №11 шайлоо округу боюнча Шаирбек Ташиевдин ордуна, Бактыбек Чойбеков №17 шайлоо округу боюнча Нурланбек Азыгалиевдин ордуна жана Алтынкүл Мурзакимова №29 шайлоо округунан Гүлсүнкан Жунушалиеванын ордуна келишти.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин ал парламенттен сыртка чыкканын айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
Акыркы саясий окуялардын фонунда Нурланбек Тургунбек уулу, Кундузбек Сулайманов, Элдар Сулайманов, Куванычбек Конгантиев, Шаирбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нурланбек Азыгалиев, Гүлсүнкан Жунушалиева өздөрү жазган арыз менен депутаттык мандатынан ажыратылды. (КЕ)