Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Түркияда узактан бери оор акыбалда жашап жүргөн кыргызстандык С. Макамбетованын паспорт алуусуна жардам берилерин билдирди.
Түркияга секелек кезинде алданып барып, сексуалдык кулчулукка сатылып кеткен, 14 жылдан бери документи жок жашап жүргөн С.Макамбетова тууралуу "Азаттык" Түркиянын Агры шаарынан тарткан даректүү тасма 17-мартта көрсөтүлдү.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Түркия: 14 жашында алданып барып, 14 жыл паспортсуз жүргөн Салтанат
18-мартта тышкы иштер мекемеси билдиргендей, Макамбетованын жарандык паспортун алуу боюнча кайрылуусун Анталия шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу карап жатат.
Маалыматка ылайык, Макамбетова тек-жайын күбөлөндүрүүчү документи жоктугуна байланыштуу кыргыз паспортун да алган эмес, натыйжада мамлекеттик маалыматтык тутумдарда анын каттоосу жана кыргыз жарандыгына таандыгы тууралуу да маалыматтар жок. Ошондуктан жарандыкты аныктоо үчүн тиешелүү жол-жобону жүргүзүү зарылдыгы келип чыккан.
"Ушуга байланыштуу арыз ээсине зарыл болгон документтердин тизмеси жөнөтүлгөн. Талап кылынган документтер толук көлөмдө чет өлкөдөгү мекеменин дарегине түшө элек", - деп жазылган ТИМдин маалыматында.
Тышкы саясат мекемеси Макамбетова узак убакыттан бери Түркияда жашап жүргөндүктөн аталган өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдары менен чогуу бардык жагдайларды тактап жатканын кошумчалады.
Маалыматта ошондой эле кыргызстандык кызга мыйзам алкагында көмөк көрсөтүү үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүп жатканы белгиленет.
"Азаттыктын" даректүү тасмасында 14 жылдан бери кыргыз паспорту жоктугунан Түркиядан чыга албай калган 28 жаштагы келиндин тагдыры баяндалат. Ал 14 жашында бул өлкөгө алданып келип, сексуалдык кулчулукка сатылып кеткенин, кийин качып чыгып, Түркиядагы кризистик борбордо бойго жеткенче жашаганын айтып берген. Азыр ал Түркиянын чыгышында, Иран менен чектеш тилкедеги Агры шаарында жашайт. Тасмада ал бир нече ирет Түркиядагы Кыргызстандын консулдугуна жардам сурап кайрылып, бирок документ ала албай жатканын айткан.(ZKo)