Тажикстан Иран элине гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу өлкө бийлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы салмагы 3610 тоннадан ашкан жүк жүктөлгөн 110 жүк ташуучу унаа жөнөтүлгөн. Анын ичинде дары-дармектер, тазалык каражаттары, балдар кийимдери, азык-түлүк, жууркан-төшөк, курулуш материалдары бар.
Тажикстандын президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, автоунаалар кербени 18-мартта жолго чыккан.
Буга чейин Иранга гуманитардык жардам жөнөткөнүн Өзбекстан да билдирген. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, жүк Түркмөнстандын аймагы аркылуу жеткирилген. Анын курамында ун, күрүч, кант, ун азыктары, күн карама майы, консерваланган продукциялар, дары-дармек жана медициналык каражаттар болгон.
Түркмөнстан өзү да 16-мартта Иранга жардам жөнөткөн. Ал негизинен балдарга багытталган.
«Президент Сердар Бердымухамедовдун тапшырмасы менен достук мамиледеги иран элине, биринчи кезекте балдарга гуманитардык жардам катары дары-дармек, медициналык каражат жана башка товарлар жөнөтүлдү», — деп билдирген өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин сайты.
Гуманитардык жардам көрсөтүүгө Азербайжан да кошулуп, Иранга жалпы салмагы 82 тонна болгон жүк жөнөткөн.
Иранда уланып жаткан согуштук аракеттердин фонунда өлкөдөгү гуманитардык абал курч бойдон калууда. Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын (UNHCR) маалыматына ылайык, аймакта гуманитардык кырдаал дагы курчушу мүмкүн. Уюмдун эсебинде, Иранда болжол менен 3,2 миллион адам үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болгон, алардын көбү Тегеран шаарынын тургундары.
Жаңжал 28-февралда Израил жана АКШ Ирандын аймагына сокку ургандан кийин күчөгөн. Андан бери согуштук аракеттер уланууда. Чабуулдардын натыйжасында бир катар жогорку даражадагы ирандык чиновниктер жана аскер кызматкерлери каза болгон.
Жооп иретинде Иран Израилдин ар кайсы шаарларына, ошондой эле Перс булуңундагы АКШнын аскердик базалары жайгашкан өлкөлөргө сокку урууну улантып жатат.