Иран Британияга базаларга байланыштуу эскертүү берди

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Улуу Британиянын ички иштер министри Иветт Купер менен сүйлөшүп, АКШ Британиянын аскер базаларын колдонсо муну Тегеран “Иранга каршы агрессияга катышуу” катары эсептерин билдирди.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, тараптар бул маселени телефон аркылуу талкуулашкан. Бирок сүйлөшүү качан өткөнү так айтылган эмес.

Министрликтин билдирүүсү 20-мартта жарыяланды.

Андан тышкары Аракчи Британияны Израилдин Ирандагы «Түштүк Парс» газ кенине жасаган соккусун айыптабаганы үчүн сынга алды.

Британия АКШ менен Израилдин Иранга каршы операциясын колдогон жок жана жаңжалдын биринчи күнүндө америкалык авиацияга өз базаларын колдонууга уруксат берген эмес.

2-мартта гана Британиянын премьер-министри Кир Стармер АКШга Жакынкы Чыгыштагы британ аскер базаларын колдонууга уруксат бергенин билдирди. Анын айтымында, Вашингтон бул базаларды ракета сактоочу жайларды жана учуруу түзмөктөрүн жок кылуу үчүн пайдалана алат.

Стармер Британия Иранга каршы соккуларга түз катышпаганын кошумчалаган.

28-февралда Израил менен АКШ Иранга каршы биргелешкен соккуларды баштагандан бери болжол менен 1300 адам каза тапканы айтылууда. Алардын арасында Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи да бар. Натыйжада кырдаал дагы курчуган.

Иран жооп катары Израилге, Иорданияга, Иракка жана Перс булуңундагы АКШнын аскер объектилери жайгашкан өлкөлөргө дрон жана ракета менен сокку урууда.

Дагы караңыз

Салык кызматы "Кыргызнефтегаздагы" коррупциялык схемага Ташиевдин үй-бүлөсүнүн катышы бар экенин жаздыБодо малды шарп, күйдүргү жана бруцеллезго каршы эмдөө башталдыБыйыл 700дөн ашуун айылда таза суу менен камсыздоо иштери жүрөт