Орусия Украинадагы согушту токтотууга байланыштуу 21-марттагы сүйлөшүүгө катышпайт. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул Киев менен Вашингтондун эки тараптуу жолугушуусу экенин маалымдады.
Анын сөзүнө караганда, Москва үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жанданышына үмүт артып турат жана жолугушуулардагы тыныгууну убактылуу деп эсептейт.
Мунун алдында Украинанын президенти Владимир Зеленский Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам белгисиз мөөнөткө жылып калган үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү жандантууга чакырган.
Киев, Москва жана Вашингтондун өкүлдөрүнүн буга чейинки кезектеги жолугушуусу 17-18-февралда Женевада өткөн. Анын негизинде 5-6-март күндөрү тараптар 500/500 форматында бири-бири менен туткун алмашкан.