Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (IRGC) 20-мартта АКШ менен Израилдин соккуларынан маалымат катчысы Али Мохаммад Наини каза тапканын билдирди.
Корпустун Sepah News платформасында жарыяланган билдирүүсүндө Наини "таңга маал америкалык-сионисттик тарап жасаган кылмыштуу, террочул чабуулда шейит кеткени" жазылды.
IRGC бул жогорку даражадагы командирдин өлүмүнө алып келген чабуул тууралуу кошумча маалымат берген жок. Бирок кийинчерээк Израилдин коргонуу армиясы (IDF) Наини "жок кылынганын" ырастады.
IDF X социалдык тармагындагы өзүнүн баракчасында Наини акыркы эки жылда IRGCнин негизги пропагандисти болуп, Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөрүнө «режимдин террорчул пропагандасын жайылтып, Израилге каршы чабуулдарды илгерилетүүгө аракет кылганын» белгиледи.
Бул билдирүүдөн бир нече саат мурда сакчылар корпусуна жакын Fars агенттиги Наининин сөздөрүн жарыялаган. Анда ал өлкө «согуш шартында да ракеталарды өндүрүүнү улантып жатканын жана кампаларда олуттуу көйгөйлөр жоктугун» билдирген.
68 жаштагы Наини мурда IRGCнин саясий-коопсуздук жана медиа тармактарында иштеп, корпус жетекчилигине жакын фигуралардын бири катары эсептелген.
Буга чейин АКШ менен Израилдин соккуларынан Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеи баш болгон бир катар жетекчилери жок кылынган.
Иран чабуулдарга жооп катары Перс булуңундагы америкалык базалар жайгашкан мамлекеттерге сокку урууда.
Шерине