Садыр Жапаров Нарын кесипкөй кадрларга муктаж экенин айтты

Нарын шаарындагы Нооруз майрамы.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта Нарын облусуна барды. Ал Нарын шаарындагы Ноорузга арналган салтанатка катышып сөз сүйлөп, соңку жылдары бул аймакты өнүктүрүүгө өкмөт каражат бөлүп, аракет жумшап жатканын белгиледи.

Ошол эле маалда Нарын иш билги кадрларга муктаж болуп турганына токтолду.

"Мына ушундай колдоолор болуп турган шартта Нарынга өз кесибинин устасы жана дасыккан менежерлер керек болуп турат. 1960-1980-жылдары мамлекет Корчубек Акназаровду атайын шарты катаал, абалы оор делген Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор райондорун жетектөөгө жиберип, натыйжада айыл чарбасы абдан жакшы жолго коюлган. Корчубек Акназаров, Кадыракун Базарбаев сыяктуу иштин көзүн билген дасыккан кесипкөйлөрдүн жолун улай, шарты катаал бул аймактын айыл чарбасын оңдоого дараметим жетет деген эр-азаматтар болсо мамлекет ар тараптан колдоого даярбыз",-деди Жапаров.

Жапаров колдоо кандай шартта жүрөрүн тактаган жок.

Ал ошондой эле Нарында чечиле элек көйгөйлөр көп экенин белгилеп, чекесинен чечилип келатканын айтты.

Расмий маалыматка ылайык, облустун ички дүң өнүмү 2020-жылы 18 млрд сомду түзсө, 2025-жылы 40 млрд сомго жеткен. Ушул тушта курулуш, жол, ирригация жана таза суу тармактарында жалпы баасы 21 млрд сомдук жумуштар жүрүп жатат.

Дагы караңыз

Forbes: Кыргызстандагы рублге байланган А7А5 токени сооданын көлөмү боюнча алдыга чыкты Трамп Иран менен мунасага баруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарды КазТАГ агенттигинин башкы директору Асет Матаев эки айга камалды Орусия Украинадагы согушту токтотуу тууралуу 21-марттагы сүйлөшүүгө катышпайт