Кыргызстанда пайда болгон, рублге байланган А7А5 стейблкоини сооданын көлөмү жагынан TRON платформасында USDT токенинен кийин эле экинчи орунга чыкты. Бул тууралуу Forbes басылмасы долбоордун директору Олег Огиенкого шилтеме кылып жазды. Ага ылайык, Орусиядагы тышкы сооданын эсеп-кысабынын 10% жакыны A7A5 аркылуу өтүп жатат.
A7A5 Кыргызстандын ички базарында пайда болгон үчүнчү криптовалюта.
Financial Times басылмасы былтыр июнда “Орусиянын көмүскө төлөмдөрү үчүн криптовалюта 9 миллиард долларды айлантты” деп аталган макала жарыялаган. Басылма ошол жылдын башында Кыргызстанда Grinex аттуу криптобиржа уюшулганын, анда рублге теңме-тең байланган A7A5 аттуу стейблкоин жүгүртүүгө чыгарылганын баяндаган.
Журналисттер Grinex’теги капчыктарды жана алып-сатууларды анализдөөнүн жыйынтыгында биржа ачылгандан берки төрт ай аралыгында эле анда 9 млрд 300 млн долларлык токен айлантылганын эсептеп чыгышкан.
Financial Times басылмасы өз иликтөөсүндө криптобиржа санкциялардан буйтоо үчүн Орусиядан Кыргызстанга жер которгонун, анын артында күмөн иштерде аты аталган молдовалык ишкер Илан Шор турарын билдирген.
"Азаттык" Илан Шордун Орусиядагы А7 компаниясы Бишкекте “А7-Кыргызстан” аттуу компания ачып, “Олд Вектор” аттуу фирма аркылуу A7A5 аттуу токенди же стейблкоинди сатыкка чыгарганын иликтеп чыккан. Анда A7a5.kg сайтындагы маалыматка ылайык, алар 100 000 000 (млрд) рублге тете стейблкоинди сатышканы белгилүү болгон.
Европа Биримдиги Орусиянын Украинага согуш ачканына каршы санкциялардын 20-пакетинде Кыргызстанга чара көрүү тууралуу жазылган. Алардын арасында “Керемет Банк”, “Капитал Банк” банктарын жана “ТенгриКоин” компаниясын да “кара тизмеге” киргизүү сунушун берген. Аталган банктарга "криптоактивдер жана төлөм системалар жаатында кызмат көрсөтүп, Орусиянын Украинага каршы согушун колдогон" деген кине коюлган.
"ТенгриКоин" жабык акционердик коому Meer платформасы аркылуу А7А5 стейблкоинин сатууга активдүү катышканы, Орусиянын мамлекеттик “Промсвязбанкы”, А7 жана “Старый вектор” компаниялары менен кызматташканы айтылган.
Кыргыз бийлиги Орусияга каршы салынган санкцияларды кыйгап өтүү боюнча кыргызстандык банктар менен компанияларга коюлган дооматтарды четке кагып келет.
Шерине