Путин май айында Казакстанга мамлекеттик сапар менен барат

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев орус президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөштү. Акордонун басма сөз кызматы анда Путин Токаевди референдумду ийгиликтүү өткөрүп алышы жана жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен куттуктады.

"Президенттер алака-катыштын күн тартибин талкуулашты. Касым-Жомарт Токаев Орусиянын президентинин май айынын аягына белгиленген Казакстанга мамлекеттик сапары стратегиялык өнөктөштүктү жана биримдикти бекемдөө үчүн маанилүү экенин белгиледи. Путин алдыдагы Астанадагы сүйлөшүүлөргө берилген мындай бааны кубаттап, стратегиялык жактан маанилүү бардык тармактарда эки тараптуу кызматташууу илгерилеп жатканына токтолду",-деп жазылган маалыматта.

Владимир Путин былтыр ноябрда Кыргызстанда мамлекеттик сапар менен болгон. Анын жыйынтыгы менен сегиз документке кол коюлган.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров Нарын кесипкөй кадрларга муктаж экенин айттыForbes: Кыргызстандагы рублге байланган А7А5 токени сооданын көлөмү боюнча алдыга чыкты Трамп Иран менен мунасага баруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарды КазТАГ агенттигинин башкы директору Асет Матаев эки айга камалды Орусия Украинадагы согушту токтотуу тууралуу 21-марттагы сүйлөшүүгө катышпайт