Көк бөрү боюнча Нооруз турниринде "Намыс" командасы чемпион болду

"Намыс" командасы жана анын капитаны Дастан Русланов.

Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча Нооруз турниринде Жогорку лигага салыштырмалуу жаңы кошулган "Намыс" командасы чемпион болду. Бул топ финалда "Ынтымак" командасы менен ойноп, негизги оюнда 3:3 болуп тең чыкты жана кошумча убакыт берилгенде 4:3 эсебинде жеңип алды.

Таймаштарда 3-орунду "Шахтер" командасы алды. Алар "Алтын-Альянс" тобун 3:2 эсебинду утуп алды.

"Ынтымак" командасы буга чейин тогуз жолу чемпион болгон.

Бул мелдеште "Достук" жана "Мурас" командалары оюнчулары өз ара уруша кеткенине байланыштуу экөө тең таймаштардан четтетилген.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров Нарын кесипкөй кадрларга муктаж экенин айттыИрандын Израилге чабуулунан 90дой адам жараат алдыМайамиде АКШ менен Украинанын өкүлдөрүнүн кезектеги сүйлөшүүсү башталдыПутин май айында Казакстанга мамлекеттик сапар менен баратОш шаарында таштандыны кайра иштеткен заводдун курулушу жанданатForbes: Кыргызстандагы рублге байланган А7А5 токени сооданын көлөмү боюнча алдыга чыкты