Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев 20-мартта кытайлык "Цзюнсин Хуанбао Кей Жи Инвест" компаниясынын башкы директору Дай Даого менен жолукту. Мэриянын басма сөз кызматынын билдиришинче, анда тараптар таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушун жандантууну сүйлөштү.
"Шаар мэри таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүүчү заманбап завод куруу ишин жандандырып, активдүү жүргүзүү керектигин белгиледи. Ошондой эле бардык маселелер чечилип берилерин айтты. Бул завод ишке кирсе жылына 310 миң тоннага чейин таштандыны утилдештирип, электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет", - деп жазылган маалыматта.
Былтыр май айында Ош шаарынын ошол кездеги мэри Жеңишбек Токторбаев Кытайга барып "Цзюнсин Хуанбао Кей Жи Инвест" компаниясынын иши менен таанышып келген. Анда экинчи борбор шаарда таштандыны кайра иштеткен завод куруу тууралуу макулдашып, долбоордун баасы 90 миллион доллар болору айтылган.
Аталган кытайлык компания Бишкектин четинде таштандыны кайра иштеткен завод курган жана ал өткөн жылдын аягында расмий ачылган. Инвестициянын суммасы 95 миллион доллар экени айтылган, күнүнө миң тоннага чейин таштандыны иштетип, саатына кубаттуулугу 30 МВт болгон электр энергиясын өндүрө алары, калдыктар курулуш материалдарын жасоого колдонулары белгилүү болгон.
Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында таштанды жана аны кайра иштетүү маселеси курч турат.
Шерине