Дональд Трамп Иранга Ормуз кысыгын ачууга 48 саат берди

Иран ушул тушта Ормуз кысыгын дээрлик бөгөттөп койду.

АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга Ормуз кысыгын ачууга 48 саат берип, болбосо электр станцияларынын баары "талкаланарын" эскертти.

Ал бул тууралуу 21-мартта кечинде өзүнүн Truth Social тармагындагы баракчасына жазды.

"Эгер Иран Ормуз кысыгын толугу менен ачпаса ушул маалдан баштап 48 сааттан кийин Америка Кошмо Штаттары эң чоңунан тартып ар кандай электр станцияларга чабуул жасап, баарын талкалайт", - деп жазды Трамп.

Иран өз кезегинде мындай коркутууга жооп кылып Перс булуңундагы АКШ менен байланышы бар энергетикалык инфраструктураларга чабуул коерун эскертти. Бул тууралуу жергиликтүү мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлады.

Буга чейин Трамп Иран менен ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган. Ал жума күнү Ак үйдүн жанында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып бул согушта Вашингтон артыкчылык кыларын айткан.

Ал ошондой эле Ирандын армиясы, аскердик техникасы жана өлкө лидерлери оор жоготууга учураганын билдирген.

Ага чейин айрым америкалык басылмалар АКШ Жакынкы Чыгышка кошумча күч жөнөтүп жатканын, бул өз кезегинде, жөө аскерлер катыша турган согушка даярдык болушу мүмкүндүгүн жазышкан. Трамп мындай вариантты жокко чыгарган.

Иран ушул тушта Ормуз кысыгын дээрлик бөгөттөп койду жана бул өз кезегинде, нефтинин дүйнөлүк баасынын көтөрүлүшүнө алып келди. Ушул тушта Перс булуңунда бир топ соода кемеси токтоп турат.

28-февралда Израил менен АКШ Иранга каршы биргелешкен соккуларды баштагандан бери болжол менен 1300 адам мерт болгону кабарланган. Алардын арасында Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи да бар. Натыйжада аймакта кырдаал курчуган.

Иран жооп катары Израилге, Иорданияга, Иракка жана Перс булуңундагы АКШнын аскер объектилери жайгашкан өлкөлөргө дрон жана ракета менен сокку уруп келет.


Дагы караңыз

Казакстан Орусия менен чектеш аймагындагы бардык мал-жандыкты эмдөөдөн өткөрөт Көк бөрү боюнча Нооруз турниринде "Намыс" командасы чемпион болдуСадыр Жапаров Нарын кесипкөй кадрларга муктаж экенин айттыИрандын Израилге чабуулунан 90дой адам жараат алдыМайамиде АКШ менен Украинанын өкүлдөрүнүн кезектеги сүйлөшүүсү башталдыПутин май айында Казакстанга мамлекеттик сапар менен баратОш шаарында таштандыны кайра иштеткен заводдун курулушу жанданат