Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча Нооруз турниринде Жогорку лигага салыштырмалуу жаңы кошулган "Намыс" командасы чемпион болду. Бул топ финалда "Ынтымак" командасы менен ойноп, негизги оюнда 3:3 болуп тең чыкты жана кошумча убакыт берилгенде 4:3 эсебинде жеңип алды.
Таймаштарда 3-орунду "Шахтер" командасы алды. Алар "Алтын-Альянс" тобун 3:2 эсебинду утуп алды.
"Ынтымак" командасы буга чейин тогуз жолу чемпион болгон.
Бул мелдеште "Достук" жана "Мурас" командалары оюнчулары өз ара уруша кеткенине байланыштуу экөө тең таймаштардан четтетилген.
Шерине