Махабат Тажибек кызынын ишиндеги жаңы жагдайлар: Журналист тил кат менен абактан чыкты

Махабат Тажибек кызы. Чүйдүн Степное айылындагы аялдар абагынан чыккан учур. 23-март, 2026-жыл

Бишкектин Ленин райондук соту 23-мартта Кыргызстанда ишмердиги экстремисттик деп табылган Temirov LIVE, “Айт, айт десе” долбоорлорунун жетекчиси, камактагы Махабат Тажибек кызынын ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча карап, аны эч кайда кетпөө тууралуу тил кат менен чыгаруу чечимин кабыл алды.

Ленин райондук сотунун чечимине ылайык, Махабат Тажибек кызы эч кайда чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде абактан бошотулду. Чүйдүн Степное айылындагы аялдар абагында отурган Тажибек кызы боштондукка бүгүн чыгарылып, аны жакындары, адвокаттары, кесиптештери тосуп алды.

Ишти караган судья Темирбек Маматов журналисттин адвокатынын башка өтүнүчтөрүн канааттандырган жок. Мамлекеттик айыптоо Махабат Тажибек кызынын бөгөт чарасын өзгөртүүгө макулдугун берип, адвокаттын башка өтүнүчтөрүнө каршы болду.

Адвокат Асел Аргымбаева Махабат Тажибек кызынын сот ишиндеги экспертизаларды иштин материалдарынан алып салуу, ал экспертизанын корутундуларын кылмыш ишинен жокко чыгаруу, бөгөт чарасын өзгөртүү жана аны токтоосуз бошотуу тууралуу өтүнүч келтирген. Актоочу тарап экспертизалардын корутундулары мыйзам бузуу менен таанылган деп эсептейт.

Эки жылдан ашык убактан бери камакта жаткан Махабат Тажибек кызы 23-марттагы Ленин райондук сотундагы жараянга видеоконференция аркылуу онлайн катышты. Отурумдун алдында "Азаттыктын" кабарчысы Тажибек кызына кыска суроо берип, жооп алганга үлгүрдү.

Журналист анда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) негизсиз камакка алуу көрүнүштөрүн иликтеген жумушчу тобуна ыраазычылыгын билдирип, кылмыш ишин козгоого негиз болгон иликтөөлөр журналистиканын эл аралык стандарттарына шайкеш жасалганын белгиледи.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) негизсиз камакка алуу көрүнүштөрүн иликтеген жумуш тобу Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун мурунку жана ошол кездеги кызматкерлеринин кармалышы Адам укугунун жалпы декларациясынын, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын бир канча беренесин бузганын белгилеген. Кийинчерээк ал топ кыргыз бийлигине бир нече кишини, анын ичинде Махабат Тажибек кызын абактан бошотуу сунушун берген.

БУУ тобунун чечимине байланыштуу Махабат Тажибек кызынын адвокаты анын ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо жана толук жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган.

Жогорку сот 10-мартта Тажибек кызына карата буга чейинки чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарган. Ишти жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндө чечим чыгарып, райондук сотко жиберген.

23-мартта Бишкектин Ленин райондук соту ишти кайра кароого киришти. Журналисттин адвокаты Асел Аргымбаева аны токтоосуз бошотуу тууралуу эл аралык коомчулуктун жана укук коргоо уюмдарынын сунуштарынын аткарылышын талап кылууда.

Асел Аргымбаева сотко төрт өтүнүч келтирерин “Азаттыкка” билдирип, анын бири Махабатты эч жакка чыкпоо тил каты менен камактан бошотуу экенин белгиледи.

Тажибек кызы азыркыга чейин Чүйдүн Степное айылындагы №2 аялдар абагында экени, тергөө абагына которула электиги маалым болду.

11-мартта адвокат Аргымбаева Махабат Тажибек кызы Жогорку соттун 10-марттагы чечиминен кийин жазасын өтөп жаткан мекемеден Бишкектеги тергөө абагына (СИЗО-1) которуларын билдирген болчу.

Эки жылдан бери абакта отурган Махабат Тажибек кызы менен Temirov LIVE долбоорунун негиздөөчүсү, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун өспүрүм уулу азыр таенесинин колунда.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жогорку сот журналисттин ишин кайра кароого жиберди

Тажибек кызынын апасы Гүлистан Сатыбалдиева "Азаттыкка" курган кыска маегинде соттон акыйкат чечим чыгышын күтүп жатканын, уулу ата-энесин сагынганын айтып берди:

"Февралдын жыйырмаларында баласы менен чогуу барып жолукканбыз. Абалы тууралуу сурасак жакшы деп коет... Негизи Махабат мени сарсанаа болбосун деп көп деле нерсе айта бербейт. Баласы "Апам эртерээк чыкса болот эле" деп калат сүйлөшкөнүбүздө. Кайсы бала болбосун, албетте, ата-энесин сагынат да. Сот актап чыгарып берсе экен деп үмүттөнүп отурабыз".

“Чек арасыз кабарчылар” (RSF) эл аралык уюму дүйнөдөгү сөз эркиндиги боюнча 2025-жылдагы рейтингин жарыялаганда Кыргызстан 2024-жылдагы көрсөткүчкө салыштырганда 24 баскычка артка кетип, 180 өлкөнүн ичинен 144-орунга турганы жазылган. Уюм бул баяндамасында Temirov LIVE жана "Айт, айт десе" долбоорлорунун кызматкерлерине каршы козголгон кылмыш иштерине да көңүл бурган.

Amnesty International (AI) эл аралык укук коргоо уюму, Журналисттерди коргоо комитети жана дагы жети эл аралык уюм Кыргызстандын Жогорку соту Тажибек кызынын ишин караганы жатканын билдирип, журналистти бошотууга жана ага тагылган айыпты алып салууга чакырышкан.

AI уюмунун 30-январда таратылган "Кыргызстандын бийлиги журналист Махабат Тажибек кызын бошотуп, анын мыйзамсыз өкүмүн жокко чыгарышы керек" деген билдирүүсүн жарыялаган.

Анда уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча директору Мари Стразерс буларды белгилеген:

Мари Стразерс

“Кыргызстандын бийлиги алдында так жана качып кутулгус тандоо турат: же адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин аткарат же аларды көз жаздымда калтыра берет... Махабат Тажибек кызынын өкүмү жокко чыгарылууга, ал дароо кое берилүүгө жана укуктары бузулганы үчүн кенемте алууга тийиш”.

Стразерс Махабат Тажибек кызынын камакта кала бериши "Кыргызстанда өз оюн эркин билдиргендерге адам укуктарын бузууну жана коррупцияны чагылдыруунун куну өз эркиндигиң болушу мүмкүн деген ишарат кыларын" кошумчалаган.

30-январда эл аралык абройлуу укук коргоочу жана басма сөз эркиндигин жактаган башка да уюмдар билдирүү жарыялап, журналистти боштондукка чыгарууга чакырган.

“Журналисттерди коргоо комитети”, “Чек арасыз кабарчылар”, “Эл аралык пресса институту”, “Норвегия Хелсинки комитети”, “Евразия эркиндиги”, “Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк”, “Араминта” жана “Жарандык укуктарды коргоо уюму” жарыялаган биргелешкен билдирүүдө алар башынан эле журналисттин кармалышын негизсиз, аткаминерлер арасындагы паракорлукту иликтегени үчүн "өч алуу" деп баалашары белгиленген:

"Бийлик маалымат каражаттарына чыккан материалдарда тополоңго чакырык жасалганын аныктай алган эмес, макалалар башаламандыкка “алып келиши мүмкүн эле” деп билдирген. Клунинин TrialWatch демилгеси Тажибек кызынын жана кесиптештеринин адилет соттук териштирүүгө болгон укуктары одоно бузулганын аныктады".

Жогорудагы уюмдардын пикиринде, президент Садыр Жапаров баш болгон Кыргызстандын жогорку бийлиги өкүм чыккыча эле журналисттерди "айыптуу" деп атаганы күнөөсүздүк презумпция принцибин бузган.

Укук коргоо уюмдарынын билдирүүсүндө Тажибек кызы менен Болот Темировдун уулу Азат Темировго байланыштуу да камтама айтылган.

"Жашы жете элек баланы башка бирөөлөргө камкордукка берүү көз карандысыз журналисттерге басым көрсөтүүнүн жийиркеничтүү инструменти болуп эсептелет. Кыргыз бийлиги аны алдын алууга тийиш", - деп белгилеген медиа уюмдар.

Буга чейин Темиров абактагы жубайына уулун "балдар үйүнө өткөрүп саларын" айтып коркутушканын маалымдаган.

2024-жылдын аягында Тажибек кызына өкүм чыгарып жатканда сот баланы камкордукка алуу маселесин чечүүнү социалдык өнүктүрүү мекемесине тапшырган.

Бийликтин позициясы

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар жана демократия өкүм сүрүп жатат деген пикирин кайталап келет. "Кабар" маалымат агенттигине 29-январда курган кыска маегинде ал жарандар тигил же бул маселе боюнча ойлорун ээн-эркин эле билдирип, бийликке ачык эле сын айтып жатканын айткан. Ошол эле учурда ал сөз эркиндиги биринчи кезекте жоопкерчилик экенин эстен чыгарбоону эскерткен:

Садыр Жапаров

"Сөз эркиндиги да, демократия да бар. Мурда сөз эркиндиги кандай болсо азыр деле андан кем калбайт. Социалдык тармактагы баракчаларындабы, жалпыга маалымдоо каражаттарында болобу жарандарыбыз каалаганын каалагандай эле айтып жатат. Аларды “кой-ай” деген эч ким жок. Тигил же бул маселеге карата өз ойлорун ээн-эркин эле билдирип жатышат. Аны баары эле көрүп, окуп, бөлүшүп, зарыл дегендер чагылдырып эле жатпайбы. Азыр муну окугандар “айрымдарды укук коргоо органдары кармап кетип жатпайбы, адам укуктары бузулуп жатпайбы” деши мүмкүн. Сөз эркиндиги жана демократия деген биринчи кезекте жоопкерчилик экенин эстен чыгарбасак. Укук коргоо органдары сүйлөп же сындап койгондорду кармап жаткан жери жок. Кармалгандар сөз эркиндигине жамынып алышып, өлкөдө башаламандык болуп кетсе деп тымызын иш алып баргандар. Же ачыктан-ачык эле конституциялык түзүлүштү бузууга чакырык жасагандар. Аларды башынан сылап отуруш керекпи? Адамды камап коюш оюнчук эмес. Органдар соттун санкциясы менен атайын иш-чараларды жүргүзөт. Аудио, видео далилдерди чогултушат”.

Президент блогерлер да, журналисттер да өз ишин эркин алып бара аларын айтып, алардын жоопкерчилигин эске салды. Бийликке нааразылык билдирем дегендерге Бишкекте Максим Горький сейил багына барууну сунуштаган.

Бишкектеги борбордук аянтта, административдик имараттардын, элчиликтердин алдында митинг өткөрүүгө тыюу салынганына төрт жылга чамалады.

Иштин таржымалы

Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген, алар менен мурда-кийин кызматташкан деген 11 журналист жана активистти Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2024-жылы январь айында кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.

Бул иш боюнча Бишкектин Ленин райондук соту 2024-жылы 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Бишкек шаардык соту 2024-жылдын 18-декабрында бул өкүмдү ырастаган чечимин чыгарган. Жогорку сот аны 2025-жылдын 25-февралында күчүндө калтырган. Журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза чарасы берилген. Калган жети адам акталган.

Ал эми Азамат Ишенбеков 2025-жылы апрель айында президенттин ырайымы менен эркиндикке чыккан.

ИИМ шектүүлөр алгач кармалганда алардын үйүндө, кеңсесинде тинтүү жүргүзгөн, социалдык түйүндөрдөгү Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” баракчаларында жапырт башаламандыкка чакырык жасаган материалдар чыкканын жүйө келтирген. Ал материалдарды ИИМдин Тергөө кызматы кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттап, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган, жыйынтыгында башаламандыкка чакырыктардын белгилери бар деп аныкталган.

Натыйжада Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен кылмыш иши козголгон.

Temirov LIVE долбоорунун негиздөөчүсү Болот Темиров 2024-жылы “Азаттыкка” маек куруп, бийликтеги ким болбосун, алардын "ишине карап баалап, туура эмес иштерди кылып жатса, анын бардыгын иликтеп, коомчулукка көрсөтүп жүрөбүз" деп айткан. Соттук териштирүүлөрдү ал:

"Биздин иликтөөлөргө алардын жообу. Жооп дагы кылбай, эптеп оозубузду басканга аракет кылып жатышат", - деп атап, сындаган.

2022-жылы ноябрда Темиров Бишкектин Свердлов райондук соту аны маңзат жана чек арадан мыйзамсыз өттү деген айыптар боюнча актап, документке (паспорт) байланыштуу айыптуу деп тапкандан кийин дароо Кыргызстандан Орусияга мажбурлап чыгарылган.

2025-жылы 27-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту KLOOP, Temirov LIVE жана "Айт, айт десе" медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп тапкан. Андан тышкары бул долбоорлорду негиздеген журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп жарыяланган. Сотко мындай өтүнүчтү Октябрь райондук прокуратурасы берген.

Аталган медиалар бийликтеги коррупцияны, мыйзамсыз иштерди ашкерелеген, ачык айтканы үчүн куугунтукка кабылганын билдирип келишет.