Майамидеги сүйлөшүү: Украина менен Орусия туткундарды айырбаштоону улантышы ыктымал

Майами. 22-март, 2026-жыл

Украин президенти Владимир Зеленский кечки кайрылуусунда Орусия менен Украинанын ортосунда аскер туткундарын алмашуу уланышы ыктымал экенин айтты.

"Бул чындыгында абдан жакшы жаңылык жана дипломатия иштеп жатканынын далили болмок. Бул ишке ашат деп үмүттөнөбүз", - деди Зеленский.

АКШ президенти Дональд Трамптын чабарманы Стивен Уиткофф 21-22-марттагы делегациялардын жолугушууларынын жыйынтыгы боюнча Х социалдык тармагына сүйлөшүүлөрдө Украина үчүн бекем жана ишенимдүү коопсуздук кепилдигин аныктоо маселеси, аймактагы гуманитардык аракеттер талкууланганын жазды.

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров жолугушууларда тараптар коопсуздуктун ишенимдүү кепилдиктери жана аскер туткундарын алмашуу маселелерине көңүл бурганын билдирди.

"Позицияларды макулдашуу жана чечилбеген маселелерди азайтуу боюнча жылыштар бар", - деп жазды Умеров.

Украинадагы согушту жөнгө салуу боюнча тынчтык келишими тууралуу АКШ менен Украинанын сүйлөшүүлөрү 21-22-мартта Флоридада өттү. Америка тараптан жолугушууга президент Дональд Трамптын чабармандары Стивен Уиткофф жана Жаред Кушнер, ошондой эле Ак үйдүн улук кеңешчиси Жошуа Грюнбаум жана АКШ Мамлекеттик департаментинин саясат маселелери боюнча улук кеңешчиси Крис Карран катышты.

Украин тараптан сүйлөшүүлөргө Рустем Умеровдон тышкары Зеленскийдин кеңсе башчысы Кирилл Буданов, тышкы иштер министри Сергей Кислица, ошондой эле Украинанын Жогорку Радасындагы "Эл кызматчысы" фракциясынын жетекчиси Давид Арахамия катышты.

Дагы караңыз

Украина: Орусиянын соккусунан үч жай тургун мерт кеттиДональд Трамп Иранга Ормуз кысыгын ачууга 48 саат берди Майамиде АКШ менен Украинанын өкүлдөрүнүн кезектеги сүйлөшүүсү башталдыИзраилде Ирандын чабуулунда жараат алгандар 160тан ашты