Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:02

Израилде Ирандын чабуулунда жараат алгандар 160тан ашты

Чабуулга кабылган Арад шаары.
Чабуулга кабылган Арад шаары.

Израилдин чукул кырдаалдар кызматтары Ирандын Арад жана Димона шаарларына ракета чабуулунда жараат алгандардын саны 160тан ашканын кабарлады. Арасында оор жарадар болгондор дагы бар.

Маалыматтарга караганда Арадда 84, ал эми Димонада 78 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Иран ишемби күнү Израилдин түштүгүндөгү Димонадан 10, ал эми Араддан 30 чакырым алыс жайгашкан Өзөктүк энергетика илимий-изилдөө борборун бутага алган. Эки шаарда тең бир катар имараттар, турак жайлар жабыркаган. Илимий борбор эч нерсе болгон эмес.

Times of Israel басылмасы Израил армиясынын жетекчилиги ирандык ракеталар атып түшүрүлбөй калган жагдайды иликтей баштаганын жазды.

Иран Арад менен Димонага сокку урардын алдында Израил алардын Натанздагы өзөктүк объектисине чабуул жасаганын билдирген. Мындан көп өтпөй жергиликтүү телеканалдар расмий Тегеран Тель-Авивге жооп иретинде сокку урганын маалымдаган.

Израил армиясы Тегерандагы Малек-Аштар өзөктүк университеттик борбору бутага алынганын ырастаганы менен Натанздагы чабуул тууралуу комментарий берген эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG