Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:04

Садыр Жапаров Нарында курулушу узакка созулган объектилерди эки жылда бүтүрүүнү тапшырды

Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Нурбек Сатаров.
Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Нурбек Сатаров.

Президент Садыр Жапаров 21-мартта Нарынга иш сапары менен барганда аймакты өнүктүрүү планы менен таанышты. Анын администрациясынын кабарлашкандай, анда ишке ашып жаткан долбоорлордун жүрүшү менен таанышты. Айрыкча айыл чарбасы, сугат маселелери сөз болду.

"Жыйында өткөн жылдагыдан кем эмес көлөмдө жол курууну жана реконструкциялоону белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүткөрүү милдети коюлду. Президент ишке ашыруу мөөнөтү узакка созулган бардык объектилер, анын ичинде он жылдан ашык убакыттан бери курулуп жаткан имараттар тууралуу маалыматты укту. Ал белгиленген мөөнөттү катуу сактоо керектигин белгилеп, ушундай бардык объектилерди эки жылдын ичинде бүтүрүүнү тапшырды, болбосо жетекчилердин жеке жоопкерчилиги караларын эскертти", - деп жазылган маалыматта.

Нарында буга чейин курулушу аяктабай жаткан имараттар, жол салуунун узакка созулушуна байланыштуу бир катар нааразылыктар айтылып келген.






Шерине

XS
SM
MD
LG