Судандын Аль-Деайне аймагындагы ооруканага жасалган ракета чабуулунан 64 адам мерт кетти, анын ичинде 13 бала бар. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдирди. Набыт болгондордун экөө медайымдар, бир дарыгер, калгандары бейтаптар деп билдирди уюм. Ооруканага чабуул 21-мартка караган түндө болгон.
Дагы 90 адам түрдүү жаракат алышкан. Педиатрия жана төрөт бөлүмдөрүнүн бир бөлүгү жана "Тез жардам" бөлүмү кыйраган. ДСУнун маалымдашынча, олуттуу соккудан улам оорукана иштебей калды, аны менен кошо медициналык кызмат көрсөтүү да токтоду.
"Жетишерлик кан төгүлдү. Жетишерлик азап-кайгы болду. Судандагы чыр-чатакты азайтып, жарандардын, медициналык кызматкерлердин жана гуманитардык жардамчылардын коопсуздугун камсыз кылууга убакыт келди. Саламаттыкты сактоо тармагы эч качан бутага алынбашы керек", - деп жазды уюмдун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус.
2023-жылдын жазында Суданда азыркы өкмөт менен Тез кийлигишүү күчтөрүнүн (RSF) ортосунда жарандык согуш башталган.
Бейтапкана жайгашкан батыш Дарфур аймагына RSF көзөмөл кылат, бул чабуул үчүн алар өкмөттүн армиясын айыпташканын Associated Press маалымдады. Судандын армиясы айыптоону четке какты, бирок судан аскерлеринин арасындагы булактар журналисттерге ооруканага жакын жайгашкан полиция участогу бутага алынганын билдиришкен.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматына караганда, аймакта согуштун кесепетинен 40 миңден ашуун адам каза таап, сегиз миллиондон ашык киши өлкөдөн кетүүгө мажбур болгон.
RSF топторунун аракеттеринде да "геноциддин белгилери" бардыгын БУУ маалымдады. Судандын калкынын дээрлик жарымы согуштардан улам ачарчылыкты баштан кечирип жатат. Гуманитардык миссиялардын кызматкерлери да көбүнчө чабуулдардын бутасына алынып келет.
ДСУнун маалыматына караганда, жаңжал башталгандан бери 2036 адам медициналык мекемелерге урулган соккуда набыт болду, акыркы үч жылда мындай жайларга чабуул коюлган 213 учур катталган.