Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

24-мартта түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунун батыш тарабында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 8…13;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 15…17° жылуу болот.

Дагы караңыз

Махабат Тажибек кызынын ишиндеги жаңы жагдайлар: Журналист тил кат менен абактан чыктыАКШ: Төрт киши өлгөн жол кырсыгына айыпталган кыргыз жараны 28,5 жылга кесилиши мүмкүн Жолдо мушташкан айдоочуларга айып салуу боюнча мыйзам долбоору даярдалдыМанас шаарындагы филармонияга деген каражат мектептерди оңдоого жумшалат Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов "УКМКнын террордук чабуулуна кабылганын" айтып чыктыИзраилде Ирандын чабуулунда жараат алгандар 160тан ашты