УКМКнын алдында "Маалыматтык коопсуздук борбору" ачылды

УКМКнын имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) алдында "Маалыматтык коопсуздук борбору" деп аталган мекеме түзүлдү.

23-мартта аталган мекеменин административдик имаратынын ачылышы болду.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, "Маалыматтык коопсуздук борборун" түзүү - учурдун глобалдык чакырыктарына жооп, ошондой эле улуттук киберкоопсуздук системасынын жана жалпы өлкөнүн санариптик инфратүзүмүнүн коопсуздугун чыңдоодогу маанилүү кадам.

"Мекеме өлкөнүн санариптик эгемендүүлүгүн коргоонун жана санариптик экономиканын туруктуу өнүгүшүнүн негизин түзөт", - деп жазылган маалыматта.

"Маалыматтык коопсуздук борбору" мамлекеттик жана жеке маалыматтарды коргоо үчүн алдыңкы технологиялык инструменттерди түзөт жана коопсуздук тармагында жогорку кесипкөй IT-адистерди даярдай турганы айтылды.

Борбор заманбап жабдуулар менен жабдылган. Киберчабуулдарга каршы туруудан тышкары өлкөнүн өзгөчө маанидеги санариптик кызматтарынын туруктуулугун камсыздары кабарланды.

Буга чейин УКМКда Киберкоопсуздук боюнча координациялык борбор түзүлгөн. (ZKo)

Дагы караңыз

Махабат Тажибек кызынын ишиндеги жаңы жагдайлар: Журналист тил кат менен абактан чыктыЖурналист Махабат Тажибек кызы абактан бошотулду"Кыргызнефтегаздагы" коррупция боюнча кармалгандар эки айга камалдыДССУ: Суданда ооруканага чабуулдан 64 адам набыт болдуИран энергетикалык объектилерине сокку урулса, жооп кайтарыларын эскертти