Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды социалдык стационардык мекемелерде жашаган карылардын жана майыптыгы бар адамдардын укуктарын сактоого чакырды.
Омбудсмен институтунун 24-марттагы маалыматына ылайык, укук коргоо мекемесинин Кыйноолорду алдын алуу борбору Чүй облусундагы Нижняя Серафимовка айылында жайгашкан карылар үйүнө мониторинг жүргүзгөн.
Мониторинг учурунда пансиондогу карыялардын укуктарынын сакталышы, жашоо шарттары жана санитардык-эпидемиологиялык нормалар текшерилген. Жыйынтыгында пансиондогу 15 карыянын паспорту жоктугу аныкталды. Карылар үйүнүн жетекчилиги алардын тийиштүү документтери (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, каттоо жана башка маалыматтары) жок болгондуктан паспорт ала албай жатышканын билдирген.
Акыйкатчы карыялардын паспорту жоктугу алардын укуктарын чектөө болорун белгиледи жана паспорт алуусуна көмөктөшөрүн маалымдады.
Карыялардин бири медициналык жардам начар болуп жатканына даттанган. Бирок ошол эле учурда пансиондогу медпунктта иштеген медайым аял өзү дарылануудан баш тартканын билдирген. Мекеменин жетекчилиги стационардагылардын саламаттыгы такай текшерилип, зарыл болгон учурда ооруканаларга жеткирилип турарын маалымдаган.
Акыйкатчы карылар үйүндө эркек санитарлар жетишпесин, жалаң аялдар иштеп, алар ордунан жыла албаган кары жана майыптыгы бар жарандарга да кам көрүүгө мажбур болуп жатышканын белгилөөдө. Маалыматта айтылгандай, санитарлардын айлык акысынын аздыгынан (орточо 13 миң сом) эркектерди бул ишке тартуу кыйынга турууда.
Карылар үйүндө учурда 276 адам бар. Алардын 150сү майыптыгы бар, 126сы улгайган адамдар.(ZKo)