Ормуз жабылып, Азияда газ менен күйүүчү май тартыш

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

23-мартта АКШ менен Иран ортосундагы ыктымал сүйлөшүүлөр тууралуу карама-каршы кабарлар түшкөнү мунай менен газдын дүйнөлүк рыноктогу баасы бир туруп кескин төмөндөп, бир туруп кайра кымбаттап жатты. АКШ президенти Дональд Трамп Тегеран менен сүйлөшүүлөр жүргөнүн, Ирандын энергетикалык инфраструктурасына 5 күн сокку урулбай турарын билдирген. Бирок ирандык медиа Вашингтон менен диалог болгонун төгүндөдү. Адатта геосаясий абалга дароо реакция кылган энергетика сектору Жакынкы Чыгышта согуш тутангандан бери кризиске батты. Кара майдын маанилүү коридору болгон Ормуз кысыгы бөгөттөлүп калганына дээрлик үч жума болду.