Чыңгыз Айдарбеков интернетте өзү тууралуу тараган видеого жооп берди

Чыңгыз Айдарбеков

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, №21 шайлоо округу боюнча талапкер Чыңгыз Айдарбеков социалдык тармактарга өзү тууралуу жарыяланып жаткан видео тасмаларды "ушак" деп атады. Бул тууралуу 25-мартта "Азаттыкка" анын жардамчысы Темирлан Касымов билдирди.

Касымов видеодо айтылган маалыматтарды төгүндөдү.

"Азыр расмий эч бир маалымат бериле элек. Чыккан видеолор ушак, расмий жооп күтүп жатабыз деп билдирди", - деди жардамчысы.

Мунун алдында Чыңгыз Айдарбеков тышкы иштер министри, элчи болуп турган учурда мыйзамсыз иштерди жасаган деген видео тасмалар интернетке жарыяланган.

БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров 18-мартта Жогорку Кеңеште бошогон орундар үчүн мандат тапшыруу учурунда Бишкектеги №21 шайлоо округу боюнча тактай турган жагдайлар бар экенин белгилеп, ал маселе өзүнчө караларын айткан.

Бул округдан шайланган Куванычбек Конгантиевдин мандаты 10-мартта өзү жазган арызынын негизинде алынган. Кийин ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында камалган. Мандат кийинки кезекте көп добуш алган Чыңгыз Айдарбековго берилиши керек болчу.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Узарбек Жылкыбаев талапкердин соттуулугу бар-жогуна байланыштуу Ички иштер министрлигинен (ИИМ) маалымкат күтүп жатканын "Азаттыкка" билдирген.

ИИМ азырынча маалымат бере элек. (КЕ/DSh)

Дагы караңыз

Аба ырайы: күн ачык болотЛьвовдо Орусиянын чабуулунан жаракат алгандар 20 адамга жеттиОрус армиясы Украинанын аймагына 500дөн көп дрон менен жапырт чабуул койдуОрусиянын дрон соккуларынан улам Молдовада өзгөчө кырдаал жарыяланат