Орусиянын армиясы Украинанын аймактарына 500дөн ашуун дрон менен жапырт чабуул койду. Адатта орус күчтөрү аба соккуларды түнкүсүн урат. Ал эми бул жолку чабуул күндүз болуп, анын кесепетинен үч адамдын өмүрү кыйылды. Ондон ашуун адам жаракат алды. Өлкө батышында жайгашкан Львов шаарындагы тарыхый имараттар жабыркады.
Львовдо тартылган видеолордо дрон шаардын борборундагы имараттын үстүнөн учуп өтүп, чиркөөгө жакын жайгашкан үч кабаттуу турак үйгө сокку урганы көрүнөт. Соккудан кийин жалын асманга көтөрүлгөн.
«Орусия күндүз эл көп жүргөн шаар борборуна сокку урууда. Бир нече мүнөт мурун орус-иран дрондору Львовго сокку уруп, эки адам оор жаракат алды», — деп жазды Украинанын премьер-министри Юлия Свириденко социалдык тармактарга.
Көп өтпөй жергиликтүү бийлик 20 киши ооруканага жаткырылганын ырастады.
Ал эми Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига 24-мартта Тернополь, Винница, Ивано-Франковск, Житомир, Запорожье жана Днепр аймактары да чабуулга кабылганын кошумчалады.
Украинанын аба күчтөрү билдиргендей, Орусия 24-мартта 9:00дөн 18:00гө чейин 556 дрон менен чабуул койгон. Алардын көбү атып түшүрүлгөн.
Мунун алдында эле орус армиясы түн ичинде жана эртең менен 426 дрон жана ракета менен сокку урганы маалым болгон. Бул чабуулдардан кеминде төрт адам каза болуп, 20дан ашууну жаракат алган. Президент Владимир Зеленский өлкөнүн 11 аймагында кыйроолор катталганын айтты.
«Бул чабуулдун масштабы Орусиянын согушту токтотууга ниети жок экенин айкын көрсөтөт. Орусияга кошумча жана күчтүү басым болмоюнча, Москва олуттуу жоготууларга дуушар болмоюнча согуштан баш тартуу же тынчтыкка кайтуу каалоосу болбойт»,-деди Украинанын президенти.
Полтава облусунда эки адам каза болуп, 11 адам жаракат алган. Ал жерде турак жайлар жана мейманкана жабыркаган. Запорожье облусунда дрон жана ракета менен жасалган чабуулдан бир адам каза болуп, дагы бешөө жаракат алган. Харьков облусунда орус дрону жүргүнчүлөрдү ташыган поездге тийип, 61 жаштагы жүргүнчү каза болгон. Ал эми Днепр шаарында көп кабаттуу имаратка сокку урулуп, кеминде сегиз адам жаракат алган. Экөөнүн абалы оор.
Адатта орус бийлиги жарандык жайларга сокку урганын четке кагып, бир гана аскердик объекттерди бутага аларын айтып келет.
Шерине