Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Узгидромет менен биргеликте өлкөдө жаратылыш кырсыктары жөнүндө жаңы эскертүү системасын киргизүүдө. Тактап айтканда, мындан ары суу ташкын жана сел тууралуу шашылыш билдирүүлөр калк мечиттердин тышкы үн күчөткүчтөрдөн уга алышат.
Бул система мечиттердин тышкы үн күчөткүчтөрү аркылуу иштейт. Kursiv Uzbekistan жазганына караганда, мындай система жети аймакка орнотулуп, 6,5 миллион адамга жетет.
Жабдуулар Фергана, Жизак, Кашкадарыя, Наманган, Самарканд, Сырдарыя жана Ташкент облустарындагы 272 мечитке орнотулган.
«Мечиттер бардык калктуу пункттарда бар. Алар 500 метрден 2 чакырымга чейинки аралыкка жеткен күчтүү тышкы үн күчөткүчтөр менен жабдылган. Билдирүүлөр катуу жаңыргандыктан, аймагындагы бардык тургундар, үйдө болобу же көчөдөбү уга алышат», — деп жазат басылма.
Билдирүүлөр мобилдик байланыш же электр энергиясы үзгүлтүккө учурап калганда да калкка жетет.
Долбоорду Жашыл климаттык фонд каржылоодо. Анын максаты — коркунучтарды алдын ала эскерткен гана эмес, алардын мүмкүн болгон кесепеттерин да түшүндүргөн эрте эскертүү системасын түзүү.
Система биринчи кезекте сел, суу ташкыны, жер көчкү, кар көчкү жана кургакчылык тууралуу маалымат берет. Бул айрыкча өлкөнүн чыгышындагы калк жыш жайгашкан тоолуу аймактар үчүн маанилүү.
Шерине