Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:41

Орусиянын дрон соккуларынан улам Молдовада өзгөчө кырдаал жарыяланат

Вулканешти подстанциясында иштеп жаткан кызматкерлер. Молдова. 24-март, 2026-жыл.
Вулканешти подстанциясында иштеп жаткан кызматкерлер. Молдова. 24-март, 2026-жыл.

Молдованын Министрлер кабинети өлкөнүн энергетика тармагында 60 күнгө өзгөчө кырдаал жарыялоо сунушун жактырды.

«Биз энергетика секторунда 60 күнгө өзгөчө кырдаал жарыялоону сунуштайбыз. Бул жөн гана дүрбөлөңдөн эмес, жоопкерчиликтен улам кабыл алынган чара», — деди Молдованын премьер-министри Александру Мунтяну 24-мартта Facebook аркылуу жасаган билдирүүсүндө.

Мындай чечим Украинанын аймагына Орусиянын түнкү соккуларынан кийин кабыл алынды. Бул чабуулда Молдованын негизги электр берүү линиясы үзгүлтүккө учураган. Эми бул чечим парламент жактырган соң күчүнө кирет. Мыйзам чыгаруучулар жакын арада кезексиз жыйынга чогулары күтүлүүдө.

Молдова электр энергиясынын негизги бөлүгүн коңшу Румыниядан импорттойт. Ал Евробиримдикке мүчө өлкө болуп саналат жана электр энергиясы Украинанын түштүгү аркылуу өткөн зымдар аркылуу жеткирилет.

Молдованын президенти Майя Санду Украинадагы жарандык энергетикалык инфраструктурага соккуларды «согуш кылмышы жана баарыбызга каршы чабуул» деп айыптады.

«Түнкү чабуулдар Молдованын Европа менен болгон негизги энергетикалык байланышын үздү. Альтернативдүү маршруттар бар, бирок кырдаал дагы эле туруксуз. Бул үчүн толук жоопкерчилик Орусияга тиешелүү», — деп жазды ал X социалдык тармагында.

Украинанын аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, Орусия 34 ракета жана 392 дрон учурган. Алардын арасында жети “Искандер” баллистикалык ракетасы, 23 канаттуу ракета жана төрт абадан башкарган ракета болгон.

Ошол эле учурда, Орусиянын Коргоо министрлиги алардын күчтөрү түн ичинде Украинанын 55 дронун атып түшүргөнүн билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG