Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 25-мартта Европа коопсуздук кызматташык уюмунун (ЕККУ) башкы катчысы Феридун Синирлиоглуну кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстандын ЕККУ менен кызматташтыгын өнүктүрүү, биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн уюмдун өлкөдөгү ишмердүүлүгүн кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин ишмердүүлүгүн жогору баалап, азыркы тапта Кыргызстанда уюм 22 долбоорду ишке ашырып жатканын айтты. Ошондой эле сот жана укук коргоо системаларын реформалоо, санариптештирүү жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, адам укуктарын жана демократиялык эркиндиктерди камсыздоо боюнча көрсөтүлүп жаткан колдоосу үчүн ЕККУга ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде Синирлиоглу Жапаровдун жетекчилиги менен Кыргызстан акыркы жылдары социалдык-экономикалык өнүгүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишкенин айтты. Башкы катчы ошондой эле Кыргызстан демократияны өнүктүрүүдө ийгиликтерге жетип, анын ичинде парламентте жана жалпы саясатта аялдар кеңири катышып жатканын белгиледи.
Жолугушууда дүйнөдөгү азыркы татаал геосаясий кырдаал, Жакынкы Чыгыштагы жаңжал жөнүндө да сөз болуп, бардык талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен чечүүнүн мааниси белгиленди.
ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 1998-жылы ачылган. 2017-жылы ЕККУнун Бишкектеги башкы кеңсеси программалык кеңсе болуп аталып калган. Бул анын макамын төмөндөтүп, өз долбоорлорун кыргыз өкмөтү менен макулдашып турууга милдеттендирген. Программалык кеңсе Кыргызстан менен коопсуздук, экономика, экология жана адам укуктары жаатында кызматташат. (ZKo)