УКМК кадрдык дайындоолорго кийлигишүүлөр тууралуу маалыматтарды четке какты

УКМКнын имараты. Бишкек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) укук коргоо органдарындагы кадр дайындоого "көшөгө артындагы" жетекчилердин таасири тууралуу соцтармактарга жарыяланып жаткан маалыматтарды төгүндөдү.

Мекеменин басма сөз кызматы 25-мартта маалымат таратып, соцтармактарда анонимдүү булактар жана авторлор тарабынан жазылып, жарыяланган маалыматтар далилсиз экенин билдирди. Ошондой эле мамлекеттик органдардагы бардык кадрдык дайындоолор мыйзамда белгиленген тартипке ылайык гана жүргүзүлөрүн белгилеген.

"Чечимдерди кабыл алууда талапкерлердин бул тармактагы кесиптик тажрыйбасы, билим деңгээли, ошондой эле ишкердик жана моралдык-адептик сапаттары милдеттүү түрдө эске алынат. Конкреттүү фактылар келтирилбестен, «ээлеген кызматка ылайык келбейт» деген жыйынтыктар негизсиз деп эсептелет", -деп жазылган анда.

Фейсбук, Телеграм жана башка социалдык тармактардаУКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден кийинки кадрдык дайындоолорго тармакка тиешеси жок, жогорку мамлекеттик жетекчи "көшөгө артынан" таасир этери тууралуу маалыматтар жарыяланган. УКМКнын азыркы төрагасы жана орун басарларынын дайындалышына анын түздөн-түз таасири жана кызыкчылыгы бар экени айтылган.

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун буйругу менен 10-февралда кызматынан алынган. Өзүнүн кызматтан бошотулганы тууралуу кабарды Германияда дарыланып жүрүп укканын айткан Ташиев бул күтүүсүз болгонун билдирген.

Мамлекет башчынын буйругу менен Ташиевдин артынан эле анын УКМКдагы орун басарлары жана башка бир катар жетекчилер кызматтан алынган. Айрымдарына коррупцияга байланыштуу кылмыш иши козголуп, камакка алынышкан.

Садыр Жапаров Ташиевдин ордуна Жумгалбек Шабданбековду атайын кызматтын жетекчиси кылып дайындаган. (ZKo)

Дагы караңыз

ЕККУнун башкы катчысы Кыргызстанда аялдар саясатка кеңири катыша аларын белгиледиЖакынкы Чыгыш: Ирандагы согуш качан токтойт? Иранда интернеттин өчүрүлгөнүнө 26 күн болдуКыргызстанда токойлорду калыбына келтирүү боюнча 81 млн сомдук келишимге кол коюлдуБУУ: Жакынкы Чыгышта карапайым эл олуттуу зыян тартууда