Кемпир-Абад иши: Тараптар жарыш сөзгө чыгат, Жээнбеков бийликке кайрылды

Конвойдун артында турган Равшан Жээнбеков.

Камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков президентке кайрылып, УКМК буга чейин козгогон иштерди карап чыгууга чакырды. Ал Жазаларды аткаруу кызматынын ишмердүүлүгүн текшерүү керектигин айтып, буга жабык жайларда адам укуктары бузулуп жатат деген жүйө келтирди, атайын комиссия түзүүнү сунуштады.

Саясатчынын мындай чакырыгы Камчыбек Ташиев УКМК төрагылыгына алынып, бийлик атайын кызматты реформа кылууну убада кылган учурга туш келди.

Кой-Таш окуясы боюнча өткөн жылдын июнь айынан бери камакта отурган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековду Кайтаруу жана конвой департаменти Бишкек шаардык сотуна Кемпир-Абад иши боюнча алып келди. Саясатчы сот отурумунун алдында "Азаттыктын" сурооолоруна учкай жооп берүүгө үлгүрдү. Ал өзүнүн камалышы саясий чечим болгонун белгилеп, өлкө жетекчилигине атайын комиссия түзүү керек деген кайрылуусун айтты.

"Кемпир-Абад иши" боюнча соттук отурумдун алдында тартылган сүрөт.

"Мен ойлойм, эгер УКМКда реформа боло турган болсо, бул президент үчүн аябай жакшы мүмкүнчүлүк. Жарандык коомду, оппозицияны пайдаланууга убакыт келди. Ошондуктан, саясий негизде камалгандардын баары эркиндикке чыгышы керек. УКМКнын, Жазаларды аткаруу кызматынын ичиндеги акыркы жылдардагы адам укугу боюнча маселелердин бардыгын атайы комиссия түзүп, президент иликтеп чыкса жакшы болмок. Анткени УКМКнын, Жазаларды аткаруу кызматынын ичинде адам укуктары бузулган көптөгөн учурлар болууда".

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Абактагы саясатчы Жээнбеков УКМКны реформалоого чакырды

Ишке адилет баа берүү өтүнүчү

Кемпир-Абад иши боюнча жабык өтүп жаткан отурумга анын тарапкери Айсулуу Кудайбердиева да келген. Ал өлкөдөгү соңку саясий окуялар, кадрдык өзгөрүүлөр жана айтылып жаткан реформалардын алкагында саясий иштерге да көңүл бурулуп, адилет баа берилет деп үмүттөнөрүн билдирди.

"Азыр жакшы процесстер башталып, анын көрсөткүчү Махабат Тажибек кызынын бошотулушу болду. Равшан Жээнбеков деле ошондой ойдо болуп турат. Эгерде чыныгы соттук реформалар башталып атса, анда саясий иштер кайра каралып чыгышы керек. Ошондуктан биз саясий эмес, адилеттүү чечимдер чыгат деп ишенебиз. Ал (Жээнбеков) өзү да бүгүнкү соттук отурумдун алдында "эгер соттук реформа болуп, кандайдыр бир жакшы аракеттер башталып атса, анда бүт саясий иштер каралып чыгышы керек" деди. Азыр биз адвокаттар менен биргеликте мыйзам чегинде болгон мүмкүнчүлүктөрдү караштырып жатабыз".

Айсулуу Кудайбердиева Равшан Жээнбеков берген катты окуп жатат.

Кемпир-Абад иши боюнча сот отурумдары аптасына эки ирет өтүп жатат. Тарапташтары Жээнбеков алардын ар биринде жакындарына кат берип, жанында отурган башка камактагылардын да жазган каттарын тууган-туушкандарына ала келерин айтышты.

Дагы караңыз Махабат Тажибек кызы тил кат менен абактан чыкты

Жээнбековдун УКМКга сыны

Оппозициячыл саясатчыны камоого анын ошол кезде бийликте отургандарга айткан сыны негиз болгонун Кемпир-Абад иши боюнча акталып, азыр кайра айыпкер катары өтүп жаткан Улукбек Маматаев билдирүүдө.

"Өзүңүздөр карап көрсөңүздөр. соңку жылдары камалгандын көбү саясий буйрутма менен камалгандар. Равшан Жээнбековдой саясатчылар коомго керек, Ал демократ саясатчы, дайыма өз убагында сын айтып, артынан сүйлөбөйт. Ал убагында күрөшүп келет. Бирок, тилекке каршы сөзүн көтөрө албай, чычалагандыктан. аны камап келди. Дүйнө баарыбир демократия менен, сөз эркиндиги менен өнүгөт, ал эми адам унчукпаса эч өзгөрүү, өнүгүү болбойт. Эгер бийлик туура иштеп аткан болсо, ал анын жүргүзгөн саясатын колдоп, иштешип кетиши толук мүмкүн. Себеби мамлекет баарыбызга керек. Равшандын буга чейин айткан сөздөрү бардык соцтармактарда бар, ал анда убагында күч органдарында иштеп турган айрым кишилерге катуу сын айтып, жүргүзгөн иши туура эмес деген. Ал колунда бийлик болгону үчүн ошого таянганын белгилеген. Менимче, анын азыр камакта отурганы мына ошол айткандарынан улам болууда".

Дагы караңыз "Сотту тескеген куратор азыр жок". Бийлик сот реформасын качан ишке ашырат?

Равшан Жээнбеков эркиндикте жүргөн маалда "Азаттык" радиосунун "Эксперттер талдайт" программасынын түз эфирдеги чыгарылыштарынын биринде 10-февралда кызматтан түшкөн Камчыбек Ташиевди сындап, ал сөздөрүн үч жыл мурда сот отурумдарынын бирине барганда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып кайталаган:

Конвойдун артында турган Равшан Жээнбеков.

"Камчы УКМКны пайдаланып атат. Эгер сенин колуңда УКМК жок болсо, сенин колуңдан эч нерсе келбейт. Сен журналисттерди, саясатчыларды УКМКнын гана күчү менен басып атасың", - деп айткан.

Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда бошотулган. Бирок, үй камагынын талаптарын бузду деген негиз менен 2021-жылдын августунда кайра камалып, кайра декабрь айында Жазык-процессуалдык кодекске киргизилген өзгөрүүлөргө байланыштуу эркиндикке чыккан.

2025-жылдын 3-июнунда Кой-Таш ишине байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 7 жыл 8 айга кескен. Ошол күндөн бери камакта отурат.

Кемпир-Абад иши

Жээнбековго Кемпир-Абад иши боюнча да айып тагылган. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган. Алардын айрымдарынын иши өзүнчө бөлүнүп алынган. Ишке "жашыруун" грифи берилген.

Дагы караңыз "Кемпирабадчылар" Ташиев менен жолукту, аларды актаган судья арыз жазды

2024-жылдын 14-июнунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын баары акталган эле. Бирок, прокуратуранын аппеляциялык арызынын негизинде иш кайра Бишкек шаардык сотунда соңку 1 жыл 8 айдан бери каралууда.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган Эрлан Бекчоро уулу жана Жеңиш Молдокматовдун адвокаты Кантемир Турдалиев "кемпирабадчыларды" камоого негиз жок экенин айтат:

"Райондук сотто иш бир жылдан ашык каралып, акталып чыккан. Булардын биринин да күнөөсү жок. Эми бешинчи күнү жарыш сөз болуп, соттун чечими чыгып калышы мүмкүн".

Бул иш боюнча отурумдар улам бир жагдайларга байланыштуу жылып келип, 25-мартта гана аны өткөрүү тартиби каралып, прокурор күбөлөрдү суроону сунуштады. Бирок адвокаттар күбөлөр жок болгондуктан, бул сунушка каршы чыкты. Отурумга акталгандардын баары келип, суралды.

Кийинки отурум 27-мартка бегиленип, анда тараптар жарыш сөзгө чыгат. “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айыпталып жаткандар киненин баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет.