Америка Кошмо Штаттарынын шартына ылайык, Украина коопсуздук кепилдигин алуу үчүн аскерлерин Донбасстан чыгарып кетүүгө тийиш. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский Reuters агенттигине курган маегинде билдирди.
Анын сөзүнө караганда, аскерлерди чыгаруу Украинанын гана эмес, Европанын да коопсуздугуна коркунуч жаратат, анткени бул Орусияга аймактагы мыкты бекемделген коргонуу позициясын берүүгө алып келет.
Украин президенти АКШ учурда Иран менен жаңжалга көңүл буруп жатканын белгиледи.
"Жакынкы Чыгыш, албетте, президент Трампка таасир этет жана, менимче, бул анын келечектеги кадамдарына да таасир этет. Тилекке каршы, менин оюмча, президент Трамп украин тарапка кысым күчөтүү стратегиясын тандоону улантууда", - деди Зеленский.
Январь айында Украинанын президенти Киевдин аймактар боюнча позициясы өзгөрбөгөнүн айтып, компромисстер эки тараптан тең болушу керек деген. Ал ошондой эле АКШ менен эки тараптуу коопсуздук кепилдиктери "100% даяр" экенин жана Киев алардын кол коюлушун күтүп жатканын кошумчалаган.
АКШ мындай шартты коё аларын мурдараак The Financial Times булактарына шилтеме берип жазган. Гезит булактарынын маалыматы боюнча, эгерде украин аскерлери чыгып кетсе, Вашингтон тынчтык мезгилде Украинага курал берүүнү көбөйтүүгө алдын ала даяр. Ошол эле учурда АКШ кандайдыр бир милдеттенмелерди алабы же жокпу, белгисиз бойдон калган.