ӨКМ башчысы жээги кемирилген Чүй дарыясын бекемдөө иштери менен таанышты

ӨКМ тараткан сүрөт. 26-март, 2026

Өзгөчө кырдаалдар министри (ӨКМ) Канатбек Чыныбаев Чүй облусунун башчысы менен биргеликте Чүй дарыясынын жээктериндеги эрозияга дуушар болгон тилкелерди көрүп, жээк бекемдөө иштери менен таанышты.

Министр чектеш жайгашкан дарыянын Кыргызстан тарабындагы жээги кемирилип баратканын көрүп, бекемдөө иштерин күчөтүүнү тийиштүү мекемелерге тапшырды. Чыныбаев жээктер бекемделсе айдоо талаалары корголуп, калктын жашоосуна зыян тийбей турганын белгиледи.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айыл аймагынан жана Аламүдүн районунун Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынан агып өткөн Чүй дарыясынын жээгиндеги кооптуу тилкелеринин эрозиясын токтотуу максатында жээк бекемдөө иштерин жүргүзүүдө.

"Азаттык" 2023-жылы "Чүй дарыясы: жүздөгөн гектар жер казак тарапта калды" деп аталган иликтөө жарыялаган. Анда Чүй дарыясы сол жээгин жеп, гектарлаган жер Казакстан тарапта калган жагдайды иликтеп чыккан.

Буга чейин мурдагы министр Бообек Ажикеев өлкө кеминде 800 гектардай жеринен ажыраганын билдирген жана бул жагдайды президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганын айткан.

2012-жылы Жогорку Кеңештин тармактык комитети өкмөттү жыл сайын Чүй дарыясын бекемдөө иштерине 200 миллион сом бөлүп берип турууга милдеттендирген.

Буга карабай, 2024-жылы жээкти бекемдөөгө 80 миллион, 2023-жылы 50 миллион сом гана берилгени белгилүү болгон.

Кыргыз тарап 2013-жылы дарыянын сол жээгин иликтеп чыгып, кооптуу, дамба курулушу керек деген, жалпы узундугу 65,5 чакырымды түзгөн 193 тилкени тактаган. (КЕ)

Дагы караңыз

Балдарды 1-класска онлайн каттоо 1-апрелде башталатЖК депутаттары Орусияда тилден тест тапшыруу шарттары менен тааныштыУлуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев кармалганы кабарлануудаНобелди алган авторлордун "Кууш өтмөк" эмгегинин бет ачары өтөт