Казакстандын батыш аймагына дрон кулады

Батыш Казакстан облусунда табылган дрон. Социалдык тармактарга жайылган сүрөт.

25-мартта Казакстандын Батыш Казакстан облусундагы Акжайык районуна караштуу Карауылтөбе айылынын аймагында жергиликтүү тургундар кулаган дрон табышкан.

Облустук полиция департаменти билдиргендей, бул факт боюнча тиешелүү иштери жүргүзүлүп жатат.

«Объект калктуу конуштан тышкары жерде табылган. Окуянын бардык жагдайлары такталып жатат», - деп билдирди полиция.

Казакстанда кулаган дрондор табылган учурлар буга чейин да көп катталган. 2025-жылы эле Батыш Казакстан облусунда кеминде беш учкучсуз аппараттын калдыктары табылган.

2025-жылдын 18-февралында Бөкейордо районунда жергиликтүү тургундар Орлан-10го окшош аппаратты табышкан. Мындай дрондор аймакты алыстан көзөмөлдөө, анын ичинде жер үстүндөгү жана суу объектилерин чалгындоо үчүн колдонулат, ошондой эле мобилдик байланыш белгилерин аныктайт.

2025-жылдын 18-мартында дагы бир дрон Таскала районунда табылган. Бул аппарат мурункуга салыштырмалуу кыйла чоң болгон. Анын узундугу болжол менен үч метрге жеткен.

24-мартта Жанибек районунда үчүнчү учур катталган. Бул жолу дронго тиешелүү деп болжолдонгон сыныктар табылган.

2025-жылдын 23-октябрында учкучсуз аппарат Аксай шаарынын четинде кулап, жарылган. Бул шаар Орусия менен чек арага жакын жайгашкан.

«Уральская неделя» белгилегендей, ошол эле күнү коңшу Оренбург облусунда дрон чабуулуна байланыштуу сиреналар жаңырган.

Бул окуялар коомчулукта кеңири талкуу жаратса да, бийлик толук маалымат берген эмес.

Казакстандын Коргоо министрлиги бардык учурлар боюнча иликтөө жүрүп жатканын гана билдирген.

Дагы караңыз

Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев кармалганы кабарлануудаЭкс-депутат Шаирбек Ташиев ИИМде күбө катары суралып жатканы айтылдыПутин ЕАЭБ аймагына накталай акча жана алтын куймасын алып чыгууга тыюу салды