Орусия ээлеп алган төрт украин аймагына өзүнүн 20 облусуна караганда үч эсе көп акча бөлдү

2024-жылдан 2026-жылга чейин орус бийлиги Украинанын аннексияланган Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон аймактарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө дээрлик 12 миллиард доллар бөлгөн. Бул улуттук өнүктүрүү долбоорунун алкагында башка 20 регионго бөлүнгөн каражаттан дээрлик үч эсе көп экенин Reuters агенттиги эсептеп чыкты.

Агенттиктин маалыматына караганда, Кремль темир жол куруу жана аны камсыздоого 425 млн доллардай каражат жумшады. 2022-жылдан 2025-жылга чейин төрт аймакта, ошондой эле Орусияга чектеш аймактарда 2,5 миң чакырымдан ашык темир жана автомобиль жолдору оңдолду же модернизацияланды.

Мамлекеттик сатып алуу документтерине ылайык, Крым көпүрөсү менен бирге Азов деңизинин айланасындагы транспорттук шакекченин бир бөлүгүн түзө турган "Новороссия" федералдык автожолунун курулушуна жүздөгөн миллиард рубль сарпталган. Автомагистралдын курулушуна эле 214 миллион доллардан ашык суммага кеминде 20 тендер жарыяланган. Кийинчерээк Транспорт министрлиги кошумча 123 миллион доллар бөлүнөрүн билдирген.

Орус бийлиги Мариуполду айланып өтчү ири жолду дагы куруп жатат. Мындан сырткары чоңураак кемелерди кабыл алуу үчүн Азов деңизиндеги Мариуполь жана Бердянск портторун кеңейтип, тереңдетип жатышат. Бул үчүн алар жалпы суммасы 13 миллион доллардан ашык тендер жарыялашкан.

Вашингтондо жайгашкан Согушту изилдөө институтунун улуттук коопсуздук боюнча эксперти Кэролайн Хирд Reuters агенттигине курган маегинде инвестициялардын масштабы жана узак мөөнөттүүлүгү Кремлдин бул аймактарды Украинага кайтарып берүү ниети жок экенин көрсөтүп турганын айтты.

2022-жылы сентябрда Орусиянын армиясы жарым-жартылай көзөмөлдөгөн Запорожье, Луганск, Донецк жана Херсон облустарында өткөрүлгөн жасалма рефендумдардын жыйынтыгы жарыяланып, шайлоочулардын "басымдуу бөлүгү" Москвага кошулуу үчүн добуш бергени айтылган. Бул төрт аймакка Украинанын жалпы аянтынын 15% туура келет.

Киев Украинанын төрт аймагында Москва өткөргөн, эл аралык коомчулук тааныбаган референдумдарды "маанисиз жана пайдасыз"деп сынга алган.

Дагы караңыз

Ирандын аскер-деңиз күчтөрүнүн жетекчиси өлтүрүлгөнү кабарландыТрамп Тегеранды сүйлөшүүлөргө «олуттуу мамиле кылууга» чакырдыФейсбуктагы пикири үчүн соттолгон Эрнис Жээнтаев абактан чыктыЭкс-депутат Шаирбек Ташиев ИИМде күбө катары суралып жатканы айтылды