Кемпир-Абад иши: Шаардык сот актоо чечимин чыгарды

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар. 27-март, 2026. Бишкек шаардык соту.

Бишкек шаардык сотунда 27-мартта Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум өтүп, чечим чыкты. Судьялар Адис Момуналиев, Сүйүнбек Бекташов жана Нурлан Эсенбаев карап жаткан иш боюнча айыпталуучулар акыркы сөзүн айтышты.

Жыйынтыгында соттор коллегиясы райондук соттун актоо өкүмүн күчүндө калтыруу тууралуу чечимин окуду.

Шаардык сотко Кемпир-Абад иши 2024-жылдын август айында түшкөн.

Мунун алдында прокурорлор ишти кайра кароо үчүн биринчи инстанцияга жөнөтүнүү өтүнгөн.

25-марттагы соттук отурумда бул иш боюнча акталган ондон ашык саясатчы, активист жана укук коргоочу суралган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган. Алардын айрымдарынын иши өзүнчө бөлүнүп алынган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы бул ишке “жашыруун” грифин койгон.

2024-жылдын 14-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук соту айыпталгандардын баарын актаган. Эртеси күнү 15-июнда президент Садыр Жапаров сот чечимине комментарий берип, “эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация” деген.

Айыпталуучулардын баары коюлган айыпты мойнуна алган эмес.

Биринчи май райондук сотундагы актоо өкүмүнөн кийин прокуратуранын апелляциялык арызынын негизинде иш кайра Бишкек шаардык сотуна жөнөтүлгөн, процесс соңку 1 жыл 8 айдан бери уланууда.(KS/KЕ)

Дагы караңыз

Улуттук банктын мурдагы төрагасы Тургунбаевдин бөгөт чарасы каралып, үй камагы тандалып алындыМинистрлик быйыл балдар 1-класска гана кабыл алынарын билдирди1-апрелден тартып айрым бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысы жогорулайтПрокурор "Куликов" менен чырлашкан блогер Орозбековго 200 миң сом айып пул салууну өтүндү