Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаевдин бөгөт чарасын 26-марттын кечинде карады. Ага карата баш коргоо чарасынын үй камагы тандалганын аталган соттон "Азаттыкка" билдирди.
Сотто тергөө тобунун жетекчиси, ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын улук тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылганы белгиленди.
Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексиинин "Коррупция" беренеси боюнча шектелип жаткан Тургунбаевге карата үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы 16-майга чейин колдонулат.
Айрым маалымат каражаттары ИИМдеги булактарына таянып Тургунбаев "Кыргызнефтегаздагы" коррупция боюнча 25-мартта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматына суракка чакырылып, андан соң кармалганын жазышкан. Ал Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайында экени кабарланган.
Тургунбаевдин жакындары же адвокаты азырынча комментарий бере элек. ИИМ бул маалыматты тастыктаган дагы, четке каккан дагы эмес.
Улуттук банктын төрагасы болуп 2024-жылы июнда дайындалган 44 жаштагы Мелис Тургунбаев бул кызматтан кетүү тууралуу арызын жазганы 18-мартта белгилүү болгон. Мунун себебин айткан эмес. Ага чейин жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп иштеген.
Анын Улуттук банктан кетиши “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык фактылар боюнча кылмыш иши козголгон учурга туш келгени бир нече суроолорду жараткан.
Мелис Тургунбаев кезинде аталган акционердик коомдун жетекчиси болуп иштеген жана атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакыны экени кабарланган. (КЕ)
Шерине