АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Украина үчүн каралган курал-жарак эгер Иран менен жаңжал курчуп кетсе Жакынкы Чыгышка жиберилиши мүмкүн экенин билдирди.
27-мартта Францияда "Чоң жетинин" (G7) тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунан кийинки сөзүндө Рубио АКШ курал-жаракты жеке артыкчылыктарына карай колдонорун билдирди.
"Эгер бизге Америка үчүн бир нерсе керек болсо жана ал Американыкы болсо, анда биз аны биринчи кезекте Америка үчүн калтырабыз. Азырынча мындай учур боло элек", -деп белгиледи Мамдепартаменттин башчысы. Анын сөзүн Bloomberg жарыялады.
Сөз ошол эле учурда 2025-жылы макудашылган PURL (Prioritized Ukraine Requirements List) программасы боюнча курал берүү жөнүндө да болууда. Анын алкагында Украина керектүү курал-жарактын тизмесин түзөт, ал эми европалык союздаштары аны АКШдан сатып алышат.
Politico маалымдагандай, Вашингтон союздаштарга курал-жаракты жеткирүү жакынкы айларда жайлап каларын же токтой турганын эскертти. Атап айтканда, Patriot абадан коргонуу системалары үчүн ок-дары жана атып түшүрүүчү ракета жеткирүү токтошу мүмкүн.
Ошол эле учурда америкалык тарап союздаштар атайын Украина үчүн гана сатып алган курал-жарак (Жакынкы Чыгышка) берилбей турганын билдирди. Бирок, The Washington Post жазгандай, Пентагон Жакынкы Чыгыштагы жеке корун толтуруу үчүн курал-жарактын кайсы бир бөлүгүн кайра бөлүштүрүүнү караштырып жатат.
НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте эң негизги маанилүү жабдуулар, анын ичинде атып түшүрүүчү ракеталар Киевге жиберилип жатканын билдирди. Анын сөзүнө караганда, курал жеткирүү үзгүлтүксүз жүрүүдө. Мурдараак ал 2026-жылы АКШ Киевге Европа жана Канада төлөгөн 15 млрд долларлык курал берүүнү көздөп жатканын, ай сайын бир млрд евро өлчөмүндөгү курал жеткирилерин айткан.
Украинанын президенти Владимир Зеленский буга чейин АКШнын негизги көңүлү Жакынкы Чыгышка бурулганын айткан эле.