Бакыт Кадыров Кыргызстандын Анталиядагы башкы консулу болуп дайындалды

Бакыт Кадыров

Бакыт Кадыров Кыргызстандын Түркиянын Анталия шаарындагы башкы консулу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрация 27-мартта жарыялады.

Анын алдында президенттин жарлыгы менен аталган шаардагы Башкы консулдукту жетектеп келген Рустам Кошонов кызматынан бошотулган.

Кошонов ээлеген кызмат ордунан дипломатиялык миссиясынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу бошотулганы кабарланган.

Бакыт Кадыров буга чейин Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Консулдук департаментинин директорунун орун басары болуп иштеген.

Анталиядагы консулдук 2021-жылы октябрь айында президенттин буйругу менен негизделген.

Түркияда 25 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алар Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашашат. Ошондой эле Түркияда эки миңдей кыргызстандык студент билим алат.(ZKo)

Дагы караңыз

Бишкекте жол тескөөчүнү чапкан деп шектелген айдоочу кармалдыӨзбекстан интернетте сөгүнгөндөрдү кантип тыят? Ишкер Абдыкеримов "Томми молл" соода борбору боюнча президентке кайрылдыРубио АКШ Украинага деген курал-жарагын Жакынкы Чыгышка жибериши мүмкүн экенин айтты