Орусия согушка каршы тасмасы үчүн Оскар сыйлыгын алган Павел Таланкинди "чет элдик агент" деп атады

Павел Таланкин.

Орусиянын Юстиция министрлиги жакында эле Оскар сыйлыгын алган "Эч ким эмес мырза Путинге каршы" тасмасын тарткан видеограф, мурдагы мугалим Павел Таланкинди "чет элдик агенттердин" тизмесине киргизди.

Мекеме Карабаш шаарында иштеген мурдагы мугалим "чет өлкөлүк маалымат каражаттары менен кызматташып, орусиялык бийликтин саясаты жөнүндө "туура эмес" маалымат тараткан жана Украинадагы согушка каршы чыккан" деп белгиледи.

Павел Таланкиндин "Эч ким эмес мырза Путинге каршы" деп аталган тасмасын Орусияда көрсөтүүгө 26-мартта сот тыюу салды. Прокуратура анда "мамлекеттик бийликке жана президентке терс мамиле" чагылдырылган деген жүйө менен сотко кайрылган.

Тасмада орус мектептериндеги согуштук пропаганда Карабаштагы Таланкин мугалим болуп иштеген №1 мектептин мисалында баяндалат. Ал аталган мектепте иштеп жүрүп эки жыл бою "Маанилүү нерселер жөнүндө сүйлөшүү" сабактары кантип өтөрү тууралуу тасма тарткан.

Америкалык режиссер Дэвид Боренштейн менен орусиялык мурдагы мугалим Павел Таланкиндин "Эч ким эмес мырза Путинге каршы" деп аталган даректүү тасмасы марттын ортосунда "Эң мыкты документалдуу фильм" категориясында Оскар сыйлыгын алган.

"Настоящее время" долбооруна курган маегинде Таланкин тасманы кантип тартканы, балдарды үгүттөн коргоого болобу, мындай каршылыктын баасы, тасма Батышта кандай кабыл алынса Орусияда да ошондой кабыл алынышын каалары жөнүндө айтып берген.

Ал тапта Орусия Юстиция министрлигинин "чет элдик агенттер" тизмесине активист Марина Скорикова, Чехияда убактылуу башкалка алган ишкер Виталий Гинзбург жана "Христиандар согушка каршы" долбоору да кирди. Министрлик алар башка "чет элдик агенттер" жана жагымсыз уюмдар менен кошо "орус бийлигинин чечимдери жөнүндө туура эмес маалымат таркатып, Украина менен согушка каршы чыгышкан" деп эсептейт.

"Чет элдик агенттер" тууралуу мыйзам Орусияда 2012-жылы пайда болгон. Мыйзам бийликке чет өлкөлөрдөн каржыланып, саясий ишмердүүлүк менен алектенген коммерциялык эмес уюмдарды "чет элдик агент" деп табууга шарт түзөт.

Кийинчерээк чет өлкөлөрдөн каржыланбай, бирок "чет жактын таасири алдында" деп табылган маалымат каражаттарын жана жеке адамдарды да агент деп табуу мүмкүнчүлүгү жаралган. Бирок ал эмне деген таасир экени чечмеленген эмес.

Дагы караңыз

Бакыт Кадыров Кыргызстандын Анталиядагы башкы консулу болуп дайындалдыАлмамбет Шыкмаматов кызматтан кетери тууралуу айыңдарды четке кактыБишкекте жол тескөөчүнү чапкан деп шектелген айдоочу кармалдыӨзбекстан интернетте сөгүнгөндөрдү кантип тыят? Ишкер Абдыкеримов "Томми молл" соода борбору боюнча президентке кайрылды