Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайга иш сапарынын алкагында Kaifa (Shenzhen Kaifa Technology) компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушуунун жыйынтыгында 2026-жылга 300 миң даана акылдуу эсептегич сатып алуу келишимине кол коюшту. Бул тууралуу атаган министрликтин басма сөз кызматы 29-мартта кабарлады. Алдыда дагы 90 миң даана акылдуу эсептегич сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Маалыматка караганда, 2025-жылдын аягына чейин өлкө боюнча 500 миң 100 даана акылдуу эсептегичтер орнотулду. Бул эсепке алуунун тактыгын жогорулатып, электр энергиясын жоготууну 11,7 пайыздан 10,6 пайызга түшүрдү, жоготуунун азайышы менен орточо тариф менен алганда 373,8 млн сом үнөмдөдү.
Андан тышкары акылдуу эсептегичтерди орнотуунун алкагында 415 штаттык бирдик кыскарып, 291,2 млн сом эмгек акынын эсебинен азайды.
2023-жылы министрлик эсеп-дүмүрчөк таратуу үчүн жылына 1300 кызматкер тартылып, 10 тонна кагаз кетип жатканын белгилеп, санариптештирүү зарылдыгын айтылган.
Кыргызстан жыл сайын 17,5 млрд кВт саат электр энергиясын колдонот деп эсептелсе, анын 14,8 миллиарды гана өлкөдө өндүрүлөт. Калган айырманы импорттун эсебинен жабууга туура келет жана электр жарыгын Түркмөнстандан, Казакстандан, Орусиядан, Өзбекстандан сатып алат. (КЕ)